Адилеттүү Алдаш Молдо
Алдаш Жээнике уулу 1876-жылы Жети-Өгүздө, букара үй-бүлөсүндө туулган. Туулганда коюлган аты-Алдаяр. Балалык чагы ага-туугандарынын коюн кайтаруу менен өтөт. 13-жашында Өсүк деген молдого малай болуп жүрүп, беш жылдын ичинде кат таанып, куран окуганды үйрөнөт. Билимин тереңдетүүнү көксөп, 1897-1898-жылдарда Каракол шаарына келип, атагы чыккан Шакир дамбылданын медресесине кирет. Медресени бүтүп, 1905-1906-жылдары элине кайтып келип, мектеп ачып, Үркүнгө чейин балдарды окутат. Алдаштын мектебинде бай менен кедейдин, манап менен букаранын балдары бөлүнбөй бирге окуган. 1903-жылы башкаруучу тараптын терс жактары сынга алынган “Шайлоо” аттуу алгачкы поемасын жазат. Андан кийин манап, болуш, бай сыяктуу эзүүчүлөрдүн жорук-жоосундарын мыскылдаган ырларды жаратат. Байлардын кысымына чыдай албай Караколго кетүүгө мажбур болот. Диний мектептерден алган таалими анын кыйла чыгармаларынан байкалып турат. Алдаш Молдо элдин мүдөөсүн жактап, бий-болуштардын зордук-зомбулугун айыптаган.
Хал заман
(үзүндү)
Падыша заалим кутурду,
Букарасын тең көрбөй.
Бузуп журттун мүнөзүн,
Бирине бирин тукурду.
Таалайы качаар өкүмөт,
Өзүнө казат чукурду.
Падыша заалим-Николай,
Балакет баскан иттер-ай!
Билимге качан тең кылды,
Артыкча биздин кыргызды,
Бирине бирин жем кылды.
Билимсизди бий кылды,
Күндө отуртуп сыязын,
Бийибиз абдан ый кылды.
1912-жылы Болгон бир окуя
(үзүндү)
Старчындаш, айылдаш,
Кичи-Чырак, Чоң-Чырак
Шанияз, чалбаш, ак чубак
Күдүр болгон өңдөнгөн
Күпсүраалы бий экен,
“Айлыман аял алдың”,- деп
Акысы бар немедей,
Ааламат салды келжиреп.
Кестирип алды он сомду
Жана сыяз бийлери
Бөтөнчө алды бир койду.