AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апам аял алсаң идиштеримди өткөрүп бербейм деди

Апам аял алсаң идиштеримди өткөрүп бербейм деди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Үч бир тууганбыз. Мен үйдүн кенжесимин. Эки байкем эбак эле үйлөнгөн, өз алдынча турушат. Апам менин колумда. Атам каза болгондон кийин турмушка чыккан жок. Бизди жалгыз өстүрдү.
Айзирек менен бир форумдан таанышкам. Мен издеп жүргөн кыз экенин дароо байкадым. Жогорку билимдүү, орундуу сүйлөйт, өзүнүн оюу бар. Ал учурда башка бирөө менен жүрчү. Болгон аракетимди кылып, анысын жоготтум.

— Апа, үйлөнсөмбү дегем.

— Үйлөн, кой демек белем.

— Болочок келиниңиз менен таанышасызбы?

— Таанышканды кое турчу, кимди алсаң ошону ал, болгону тиги идиштериме колун тийгизбейм, тамакты өзүм жасайм.

— Келиниңиз эмне кылат анан?

— Билбейм, мен айтарымды айттым.

Кээ бирөөлөр “келин алсам, колум узарат” деп жыргашат. А менин апам, ашкананы өзүм тейлем дегени кызык.

Айзирек экөөбүз сүйлөшүп, ашыкча чачылбай эле коюну чечтик. Туугандарды чакырып бата алдык. Ошентип, бир заматта жаңы статуска ээ болдук. Апамдын талаптарын келинчегиме айткан эмесмин. Канча ирет батындым, бирок эрким жетпеди.

Алгачкы күндөрү апам тамакты өзү жасап, идиштерди өзү жууп жүрдү. Айзирек баарын байкап турду, бирок унчуккан жок. 

— Апа, бул сонун бокал экен. Кайдан алдыңыз?

— Ыраматылык кайын атаң белек кылган.

— А бул чынынын сүрөттөрү абдан кооз экен.

— Ооба, мага да сүрөттөрү жагат.

Жумуштан келсем экөө идиштерди кармалап божурашып отуруптур. Апам эч кимге карматпаган идиштерин Айзирекке бергенине таң калдым. Унчукпай бөлмөмө кирип кеттим.

— Апа, тузун канча кошом.

— Бир кашык болот.

— Даамы баары бир сиздикиндей болбой жатат.

— Эч нерсе эмес.

— Сиз эле жасаңызчы.

— Жасай бер, ошентип акыры окшошот.

Билбейм кантип, бирок Айзирек апамды жибите алды. Азыр апам ашканага басып да барбайт. Баарын келинчегим өзү тейлейт. Идиштерди акырын коюп жатканын көргөн апам ыраазы боло жылмаят. Кээде өзү бул идиш кайда деп сурап калат. Бул учурда жубайым дароо издегенин таап берет.

— Апа, сизге эмне болду?

— Эмне болуптур?

— Позицияңыз өзгөрө түшкөнүн айтам да.

— Уулум, тиреше бергендин эмне пайдасы бар, келиним да бул үйдүн мүчөсү. Ал мага баалуу болгон нерселерге аяр мамиле жасай алаарын көрсөттү. Болгону ошол.

— Аялың акылдуу деңизчи.

— Башымды оорутпай, тур жумушуңду кылчы.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялыма балдарга деп алимент берсем, өзүнө пальто сатып алыптыр

Туура эмес сүйлөп алып аялыман айрылдым

Кайын эжеме жоолук берсем, «муну өлгөнгө да алып барбайт» деп ыргытып салды

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Акыркы болгонуң эмес

Акыркы болгонуң эмес, марага жеткениң маанилүү! Ультратрейл Нарынбектен кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.