// //

Досторум “ал кызды алсаң, туугандары кой сойдуруп сынайт” деп коркутушкан

2020.02.11, 16:42
4564

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында кайын-журту тууралуу кызыктуу окуя баяндалат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

- Алло, Жаныш үйдөсүңбү?

- Ооба, жаңы эле келдим.

- Апамдар айылдан эт салып жибериптир, вокзалга барып тосуп аласыңбы, машина күтүп жатыптыр.

- Сен кайдасың?

- Нурчикти алганы бала бакчага баратам.

- Макул.

Жаңы эле үйгө кирдим эле, унаамды кайра от алдырдым. Демек, бүгүн беш бармак жейт экенбиз.

Эң сонун кайын-журтум бар. Бир айда эки-үч жолу “посылка” жөнөтүп турушат. Өзүм айылга барган сайын 3-4 кг салмак кошуп келем. Башында бул үй-бүлөгө күйөө бала болгондон коркком. Эмнеге дебейсиңерби? Анда угуп тургула.

“Отун жарасың”, “Кой соесуң”, “Кулагыңды чойгон ар бир кишиге 5000 сомдон бересиң”, “Калыңга эки жүз миңден кем алышпайт”, “Кой, уй, жылкы сурашат” ж.б. Булардын баарын досторуман уктум.

Сураган калыңын берем дедим, бирок “кой союп сыноодон өтөсүң” деген пунктунан чочудум. Кой эмес, тоок сойгонду билбейм. Үйгө чычкан кирип кетсе, качып чыгам. Туугандарынын көзүнчө уят болгонумду элестетип алып, оюм өзгөрө баштады.

Ата-энем стоматолог. Россияда турушат. Өзүм шаарда таенемдин колунда чоңойгом. Мектепти аяктап ата-энемдин жанына бардым. Алардын жолун жолдоп, университетке тапшырдым. Окуумду бүтүп, мекениме кайтып келдим. Кыскасы, салт-санааларыбыздын көбүн билбейм.

Элиза менен самолеттен таанышкам. Жылдызыбыз келишип, бат тил табышып кеттик. Ал айылда өсүп чоңойгон кыз. Колунан баары келет. Ансыз чай кайнатып иче албайм.

- Элиза, силердин айылда күйөө баланы сынайбы?

- Түшүнбөдүм?

- Эми кой сойдуруп, жилик тарттырып дегендей.

- Ооба, отун да жарасың, ырдап да бересиң.

- Чын элеби?

Бозоро түшкөнүмдү көрүп каткырып күлдү. Тамашалап жатканын кайдан билдим. Сүйүүм үчүн баарына даярмын деп, ата-энемди чакыртып той күнүн белгиледик.

Элизаны алып кеткени үйүнө бардык. Жеңелери “Күйөө бала ким?” дегенде, азыр башталат деп ээсимди жогото баштадым. Бирок, досторумдун айткандардын бирөөсү да болгон жок. Кайра тескерисинче мени сыйлап узатышты. Таң калган боюнча жөнөдүм.

Кайын-журтума качан барбайын “күйөө балабыз келди” дешип дасторкон жайып тосуп алышат. Ушул убакка чейин кой сойдуруп, отун жардырып кызмат кылдырышкан жок. Кайын атам менен кайын энем жүрөгү таза жөнөкөй адамдар. Алардын күйпөлөктөп жүргөнүн көрүп, ушул адамдарга күйөө бала болгонума миң мертебе шүгүр дейм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт