AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сыйкырдуу “үч мүнөт эрежеси” жөнүндө ар бир ата-эне билүүгө милдеттүү

Сыйкырдуу “үч мүнөт эрежеси” жөнүндө ар бир ата-эне билүүгө милдеттүү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Көрсө, кичинекей бала менен ата-эненин ортосунда “үч мүнөт эрежеси” болууга тийиш экен. Бул тууралуу психолог Наталия Сиротич айтып берди. Көпчүлүк ата-энелер бул эрежени колдоно баштагандан тартып, балдар менен болгон мамилеси кыйла оңолгонун билдиришкен.

Ар дайым балаңыз менен көрүшүп, же учурашып жатканда көп жылдан бери көрбөгөн жакын досуңду көргөндөй кубанып тосуп алуу керек. Айырмасы жок, бир жума көрүшкөн жоксуңарбы, бир күн же бир нече саат. Баланы бакчадан алып кеткенде, мектептен тосуп алганда, кучак жайып чын дилиңерден сүйүнүп учурашкыла.

Бир деңгээлде болгула

Өйдөдөн төмөн карап эмес, бала менен бир деңгээлде болуу үчүн ылдый отургула. “Кандайсың?”, “Мен сени сагындым”, “Бүгүнкү күнүң кандай өттү?”, “Мен сага жеткиче шаштым кетти”. Алгачкы мүнөттөрдө бала аны менен болгон бардык окуяларды сизге айтып берүүгө, бөлүшүүгө шашылат.

Анын айтып бергендерин кунт коюп уккула. Окуяларына тиешелүу реакция жасагыла. Ийгилиги жөнүндө айтып берсе кубангыла, күлкүлүү окуя айтса, күлгүлө, арызданса, кайгысын тең бөлүшүп, көйгөйүн тең бөлүшүп колдоо көрсөткүлө.

Адатта ата-энелер балдарын кантип тосуп алышат?

Колубуздан телефон түшпөйт, “Жүр, тезирээк!”, “Бат-баттан кийин!”, “Кебетең кантет?”, “Эки алган жоксуңбу?”. Жумуштан үйгө кирип келсек, “Эмнеге үй чачык?”, “Дагы эле сабагыңды окуй элексиңби?”, “Мен чарчадым!” ж.б

Канча убакыт бөлгөнүң маанилүү эмес, башкысы — эмоционалдык жакындык

Кээде бир нече мүнөт чер жазып сүйлөшүү, бир күн кечке жанында болуудан артык. Чоң кишилер, эгер балаң жаныңда жүрсө, а сен өз иштериңди бүтүруп жатсаң, демек бардыгы жайында деп эсептешет. Жок андай эмес.

Ата-эне үчүн жана бала үчүн бирге убакыт өткөрдүк деген түшүнүк ар башка

Чондор үчүн баласы фон катары тегеректе жүрсө эле болду, анын көңүлү тынч. Ал эми бала үчүн бул атасы же апасы телефонду өчүрүп коюп, бири-бириңди карап сүйлөшүү, аны угуп жатканы, башка ишке алаксыбай балага гана убакыт бөлгөн учурду бирге болдук деп эсептейт.

Бала эч качан сизге ачылбайт, эгер сизде андан да маанилүүрөөк иштериңиз, көйгөйлөрүңүз бар экенин сезип турса. Албетте, бул ар дайым эле анын оюу менен болуп, ар дайым анын жанында жүргүлө дегендик эмес.

Бирок бир күндө үч мүнөттөн кем эмес убактыңарды балага гана арнагыла. Алдыңа отургузуп алып, же маңдай тескей бири-бириңерди карап сүйлөшкүлө. Маанайы кандай? Бүгүн эмне иш кылды? Өзүн кандай сезип жатат? Эмнелерди көрдү? Кандай ойлор тынчын алып жатат? Кайсы нерсеге кубанды? — ушуларды сураңыз.

Убакыт суудай агат. Балдарыңар бир заматта чоңоюп, эс тартып калат. Убагында аларга убакыт бөлбөсөңөр, кийин силерге ачылып сүйлөп бере албайт. Ошондуктан эмитеден ишенимдүү мамиле курууга аракет кылгыла.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Коронавирустун жеңил формасынан жабыркагандар үчүн дем алуу гимнастикасы

Коронавирустун жеңил формасынан жабыркагандар үчүн дем алуу гимнастикасы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.