AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүү окуялар

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүү окуялар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын башынан өткөн күлкүлүү окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, биз менен байланышыңыз. 

Шымына сийип алган күйөө

Бир күнү күйөөм бутунда тура албай мас болуп келди. Мындай абалда аны биринчи жолу көрүшүм. Досунун кыздуу болгонун майрамдашкан экен. Эч нерсени билбейт, шымы суу. Чечинтип жаткырып койдум. Шымына сийип койгонбу десем жыттанбайт. Эртеси ойгонуп, кантип келип калганын сурады. “Шымыңа сийип алгыча ичипсиң, абайлабайсыңбы”, — деп кабагымды түйүп сыртка чыгып кеттим. Терезеден карасам шымын кайра-кайра жыттап жатыптыр. Көзүмө карай албай уялып жүрдү. Мен жыргап күлөм. Эки-үч күндөн кийин көчөдөн сүйүнүп келди. Эмне болгонун сурасам “мен шымыма сийбептирмин, соолугам деп арыктагы сууга жатыпмын, досторум айтты”,- деди. kojoeva_bazargul

Тиши жок жана кал баш байке

Студент кез. Дем алыш күндөрү официант болуп иштейм. Ар дайым эки чоң киши келип тамактанышат. Бири-бирин “кал баш” жана “тиши жок” деп маскаралап күлө беришет. Тейлеп калсам, «кимибизге келин болосуң» дешет. Мен да жөн калбай, “кимиңердин балаңар жакса ошого келин болом, эмкиде балдарыңарды ээрчите келгиле”, -деп койдум. Бир күнү экөө тең бадарын ээрчитип келишиптир. “Тиши жок” дегендин уулу менен жылдызыбыз келишип сүйлөшүп калдык. Азыр ошол тиши жок байке кайын атам, эки небересин эркелетип чоң ата болуп отурат. milliondon.biroo

Бейтааныш кол

Менин баскан турганым өзүнчө эле ха-ха. Оң колумду мурдумдун үстүнө коюп уктап калыпмын. Түндө көзүмдү ачсам, бирөөнүн колу бетимде турат. Дароо сол колум менен бир чаап жатпайынбы. schastlivayaa_97

«Алоо!»

Үйгө киши келиптир. Дарбаза такылдайт. Чыгып эле «Алоо!» деп кыйкырсам эч ким унчукпайт. Ачуум келип үйгө кирип кеттим. Кийин эстеп алып аябай күлдүм. raimbekova0907

Тукум тууган жеңе

Мен 6-класста окуп жүргөндө байкем үйлөндү. Дарыянын боюнда жашайбыз. Огород кенен, 20-30дай өрдөк багабыз. Жумурткаларын күндө атам барып алат. Бир күнү барып таппай калыптыр. Түшкү тамактанууга отурганда атам “бүгүн өрдөктөр…” деп сөз баштаганда эле, жеңем сөзүн жула калып, “ии, ата, бүгүн мен дарыянын боюнда алты тукум туудум” десе болобу. Баарыбыз күлүп эле жатып калдык. al.tynai5769

Кайын атасын урушкан келин

Атасы балама оюнчук гитара алып бериптир. Урушсам болбой, кечке кулак-мээни жеп ойной берди. Бир күнү кино көрүп, кечки тамак ичип отурсак дагы гитаранын үнү чыкты. “Кулагы жок, таштачы”,- деп, катуу кыйкырып бурулсам, кайын атам баламды алдына алып алып, гитара чертип отуруптур. Уялганымды айтпагыла. aikosha1020

Снайпер

Бир күнү таенем:

— Мага дары ала келгиле.

— Дарыңыздын аты эмне?

— Снайпер.

— Таене снайпер деген дары жок.

— Баш ооруганда ичет го дейт.

— Цинепар дегенби?

— Ооба, ошол болсо керек. baetova11

Сасык келин

Жаны келин болуп барган кез. Конокко баратып балчык суусуна жыгылып калдым. Аябай сасык экен. Көйнөктөрүмдү жууйун десем, крандагы суу токтоп калса болобу. Күйөөм экөөбүз издеп бир баня таптык. Ошол жерге кирип кийимдеримди жууп, сыгып туруп кайра кийип алдым. Июль айы. Көпкө чейин сасып жүргөнмүн.  aruzatfiraia

Көрүмчү

Жакында болгон окуя. Үйдө жалгыз элем. Уктап кетипмин. Бир маалда телевизордун үнүнөн чочуп ойгондум. Үйдө эч ким жок болсо, аны ким жандырмак эле деп корктум. Арбактар оюма келип, сыртка атып чыктым. Үйгө кире албай,  ары-бери басып жүрө бердим. Караңгы кире баштады. Анан отуруп жакшылап ойлонсом, окуя мындай болгон экен: телевизор көрүп отурсам свет өчүп калат. Анан уктап калыпмын. Ал ортодо свет күйүп телевизор жанган экен. jalievamunaraaltynbekovna

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жалпы республикалык тестирлөөгө Mega24 тиркемеси менен даярданыңыз

Жалпы республикалык тестирлөөгө Mega24 тиркемеси менен даярданыңыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.