AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм менен 20 жыл жашагандан кийин мага эмне жетишпегенин билдим

Күйөөм менен 20 жыл жашагандан кийин мага эмне жетишпегенин билдим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Акылынан тайган немедей эки жака баса бердим»

Турмушка чыккандан кийин өзүмдү арткы планга жылдырып, күйөөмдүн, кайын-журтумдун кызыкчылыктарын биринчи орунга койдум. Төрт бала төрөдүм, карып калган кайын энемди бактым, күйөөмдүн ишине жардам берип, үй алалы деп тытындым. Үйгө жеткенден кийин усталарга кошулуп оңдоп-түзөө иштерине катыштым. Кыз узаттым, куда-сөөк тостум.

Чоң энемди тартып колум жөндөмдүү кыз элем. Сабак аткаргандын ордуна, ар кандай кийимдердин моделдерин ойлоп таап, сүрөт тартып отура берчүмүн. Дептерлеримдин артынын баары сүрөт. Бул үчүн апаман канча ирет уруш уктум. Батыраак чоңоюп, ателье ачкым келчү.

Көр тирилик кыялдарымды жеңип кетти.

Жубайлык, келиндик, энелик ролумду мыкты аткардым. Бул үчүн мага Оскар берсе жарашат. Бирок, бир нерсе жетишпей жаткандай сезиле берчү. Балдарым, же күйөөм жок мен эч ким эмес элем. Кылган ишимдин баары алар менен байланыштуу болчу. Мен киммин? Мага эмне жагат? Бактылуумунбу? Билбейм.

Бир күнү телевизорду жандырып коюп тамак жасап жаткам. Кайсы канал экенин деле билбейм. Жайкы мода көргөзмөсү башталды. Көйнөктөр! Кандай кана кооз! Бирок, тиги деталы ашыкча. Эгер ал жерин алып туруп, жөн гана топчу кадап койсо сонун көрүнүп калат. “Апа, эмне деп жатасыз?” Берилип кетипмин, уулум келип чочутуп жиберди.

Унутуп калган кыялымды эстедим.

Ушунча жылдан бери мага эмне жетишпей жатканын билдим. Бир орунда тура албай, акылынан тайган немедей эки жака баса бердим. Калем! Калем! Барак таап көйнөктөрдүн моделин тарта баштадым. Жүрөгүм жарылып кетчүдөй согуп жатты.

— Ателье ачсам кандай болот.

— Койчу, кайдагыны баштабай.

— Мен өзүмө жаккан иш менен алектенгим келет.

— Сага ким коюптур.

— Ушунча убакытымды сага арнадым. Эмне үчүн менин кыялымды четке кагып жатасың? Эмне үчүн баары сен айткандай эле болот? Эмне үчүн сенин пландарың менен эле жашайбыз?

Күйөөм экөөбүз катуу уруша кеттик. Аябай ачууландым, буркурап ыйладым. Ушуга чейин күйөөмө каршы сүйлөгөн эмесмин. Баарын анын оюндагыдай жасап келгем.  

Туптуура бир жума сүйлөшкөн жокпуз. Көңүлүм жок эшик шыпырып жүргөм. “Кечирип койчу”, — деп күйөөм жаныма басып келди. Таң калып  туруп калдым. “Итчилик менден кетти. Мага ар дайым жардам бергениңди, сенин колдооң менен далай бийиктиктерге жеткенибизди өзүмчүлдүк кылып унутуп коюпмун. Сен мага бардыгын шашпай айтып бер. Экөөбүз бирге ойлонуп, кандай кыларыбызды чечели. Колуман келген жардамымды берем”,- деди.

Түнкү саат эки. Ателье. Кезектеги буйрутмамды тигип жатам. Чарчадым, уйкум келе баштады. Бирок, менден өткөн бактылуу киши жок.

Үй-бүлөдө өзүмчүлдүккө орун жок. Мамиле ар дайым эки тараптуу болууга тийиш. Аял менен күйөөсү бирин-бири колдоп, туура түшүнүп турса эле баары жакшы болот. Ишенип койгула!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
АБ24 тиркемеси аркылуу онлайн идентификация өтүү тууралуу

АБ24 тиркемеси аркылуу онлайн идентификация өтүү тууралуу

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.