AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм көйнөгүмдү кимге алып барып бергенин билген соң жашоом өзгөрдү

Күйөөм көйнөгүмдү кимге алып барып бергенин билген соң жашоом өзгөрдү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Ыйлап алгам. Болгон күчүм менен шкафымды тытып жаттым. Кирлердин арасына кошулуп кеткен жокпу карадым. Жок. Сонун көйнөк эле. Мага чак келген жана фасону… 

Баламды бала бакчага алып барыш керек болчу. Баарын таштап, мурдумду тартып, баламды жетелеп жөнөдүм. Бүгүн апалар майрамы менен куттукташмак. Атайын ошол көйнөгүмдү кийип барайын дегем. Эми минтип спортивкачан, маанайы жок кетип баратам. Демейде эркелеп кыялын көрсөткөн балам дагы бүгүн тынч.

Мени карап коет. Карасам кайра эки жагын карайт. Үн-сөзсүз жетип бардык. Эжеси чыгып баламды концертке даярдаганы алып кетип, мага коноктор отурган залга бара беришимди айтты. Мына, бардык апалар сонун болуп жасанып келишиптир. Баарында сонун көйнөк. Азыр балдарыбыз ырдап куттуктайт. А менин көйнөгүм жок. 

Эстеген сайын көзүмө жаш келет. Ар бирибизде жактырган, жыртылса дагы ыргытпаган көйнөгүбүз болот эмеспи. Тиги көйнөгүм ушундай болчу. 

Балдар чыгып ырдай башташты. Баары мотурайган. Тигине менин балам дагы турат. Байкушумдун кабагы бүркөө. Улам мени карап коет. Кой дедим дагы, ага жылмайып кол булгадым. Заматта жандана түштү. Үнүн бийик чыгарып, ырын созо баштады. 

Үйгө жөнөдүм. Жолдон ким алышы мүмкүн болду деп ойлонуп келип шкафымды жыйнадым. Баарын бир сыйра күнөөлөп чыктым. Үйгө келген коноктордон дагы көрдүм. Оюм мынча жаман. 

Кечинде күйөөм келди. Маанайы жакшы. Эмне болгонун сурады. Буркулдап айтып бердим. Табылат деп бейкапар болуп койду. Өзүмдү кармай албай бакырып кирдим. Колума тийгенди ыргытып, акырып барып жатып алдым. 

Эртең менен турсам күйөөм менен балам жок. Эбак бала бакчага кетип калышыптыр. Эмнегедир уялдым. Өзүмдөн, жаман ойлорумдан, жакындарыма кылган мамилемден уялдым.  Бир көйнөк үчүн ушундай жолго барганымдан уялдым.

Дароо күйөөмө чалдым. Баламды бала бакчага алып бараткан экен. «Кечирип койчу» дедим. Баары жакшы экенин айтты. Жумушума жөнөп кеттим.

Кечинде күйөөм мага белек берди. Эки пакет экен. Бирөөсүндө жаңы сонун көйнөк. Экинчисинде жоголгон көйнөгүм. «8-мартка белек кылайын дегем. Капа болуп жүргөнүңдү көрүп чыдай албадым. Бул көйнөгүңдү жакшы көрөрүңдү билем. Бирок эскирип калды. Ошон үчүн дал ушундай кылып тигип бергиле деп бир цехке алып барып бергем. Сага жагат деп ойлойм.»

Күйөөмдү катуу кучактап кечирип сурап жаттым. Мен мындан ары жаман ойлонбойм. Сөз берем. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жигит үйлөнгөн жигит кыюусу кандай калпак киет? Акылдуулар үчүн тест

Жигит үйлөнгөн жигит кыюусу кандай калпак киет? Акылдуулар үчүн тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.