AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келиним ооруп жатам десе ишенбей

Келиним ооруп жатам десе ишенбей, боорсок бышыртканыма катуу өкүнөм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Мендей дагы адам болобу? Мендей дагы кайын эне болобу? Аял болуп аялга күйбөгөн кандай жанмын. Кыздарым туруп, бирөөнүн кызына күйбөгөн кандай немемин? 

Бейтапкана. Бет аарчымды мыкчыган боюнча жер тиктеп отурдум. Колумда бет аарчы. Мынча мерезмин. Көзүмдөн бир жаш чыкпайт. Күнөөмдү сезип турам, бирок кабыл алалбай кыйналып турам. Демейде жанымда отурган балам алыста турат. Мен эмне кылып койдум. 

Курбуларымды күнөөлөсөм дагы болот. «Катуу карма», «каарыңды салып тур», «кайын эне дегенден коркушу керек», «жумуштан башын алдырба» ж.б. Ооба, келиним менден коркуп турчу, бирок сыйлачу эмес. Коркуу — бул жек көрүү. Сыйлоо — бул сүйүү.

Болбогон жерден бир нерсе таап күн сайын уруш чыгарчумун. Түндө дагы жөн уктатпай, толтура жумуш берип эртең бүтүп сал дегенимди эстегим дагы келбейт. Өзүмдөн уялып турдум.

Дарыгер чыкты. Балам экөөбүз чуркап бардык.

— Апа, жатып турайынчы, ооруп калыпмын.

— Эмне дейт! Конок келгени жатса, бейкапар жатат экенсиң да! 

— Апа, башымды көтөрө албай турам.

— Боорсокту ким бышырат! Келин деген оорубайт! Тур!

Кулап түштү. Боорсоктун баары жерге төгүлдү. Мен шок. Катуу корктум.

Дарыгер баары жакшы экенин айтты. Бирок бейтапканада бир-эки күн жатат экен. Мен кудайга рахмат айтып жаттым. 

Үйгө барып шорпо бышырдым. Анан келиниме алып жөнөдүм. Кирсем унчукпады. Улуу башымды жерге салдым. Күнөөм бар. 

— Кызым, кечир апаңды. Мен ар кимдин сөзүнө кирип сени катуу кыйнадым. Кетем десең кармабайм. Мен келиндин сыйын көрүүгө татыктуу деле эмесмин. Сен кулап түшкөндө, менин жашоо оодарылды. Мени кечир. Улгайгандын баары акылдуу эмес болот экен кызым. Уулум экөөңө тоскоол болдум. Төрүңөрдө чай ичип отурбай, ызы-чуу салдым… Мен, мен, ммммен… жаман… адаммын…

Ыйлап жибердим. Келиним акырын башын көтөрүп, «шорпо алып келдиңизби» деди. «Ооба» деп, шаша-буша пакетимден алып чыгып, чыныга куюп бере салдым. «Апа, мага ушул шорпоңуз жагат» деп жылмайды. 

Үмүт …

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энемдин бул кылганын уккан курбаларымдын оозу ачылды

Кайын энемдин бул кылганын уккан курбаларымдын оозу ачылды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.