AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Кээде окуянын чын-төгүнүн билбей туруп, сырттан тон бычып кесир сүйлөп коет экенбиз. Кээде деп коем, ар дайым эле ушинтебиз.

Уулум шаардагы жаңы конуштардын биринде үй салып жаткан. Буга чейин аялы жана үч баласы менен батирлеп жүрүшчү. Бир бөлмөсүн бүтүрүп шашылып кирип алышты. Балам менен келиним, «биз менен туруңуз»,- деп суранып жатышат. «Үйүңдү толук бүт анан барам»,- деп мен болбойм. Азыр батирде турам. Абышкам өтүп кеткен. Эки кызым турмушка чыккан.

Базарда жашылча-жемиш сатам. Ысык-суук дебей отуз жыл иштедим. Балдарымды соодадан тапкан акчама үйлөнтүп-жайланттым. 

Ишенесиңерби, балам жер алып, үй сала баштагандан бери бара элекмин. Базардан кеч чыгам, конуш өтө эле алыс дегендей. Көчүп киришкенден кийин кабар алып келейин деп жөнөдүм. Үйүн араң дегенде таптым. Келиним дасторкон жайып күтүп отуруптур. Уулум жумушта экен.

Ысык чайын сунуп, тамагын тартты. Неберелериме алган белек-бечегимди бердим. Жакшы отурдук. Колумду жууйун деп сыртка чыгып баратып, очокто турган сыртты капкара казанга көзүм түштү. Келинимди чакырдым.

— Ай балам, могу казандын сыртын жууп койсоң боло! Кебетеси кантет? Ушуга кантип тамак жасап ичесиңер. Жийиркенбейсиңби? Качантан бери жуула элек экен! Эл көрсө эмне дейт!

Үнүмдү катуу чыгарып айттым. Келиним сөзүмдү бөлгөн жок. Мен бүткөндөн кийин, акырын гана:

— Апа, бул кошунанын казаны. Үч күндөн бери свет жок. Сизди келет дегенинен ысык тамак жасап берейин деп сурай калгам. Өзүмдүн казаным бул жакта.

Уялганымдан жерге кирип кетейин дедим. Кара казанды көргөндө келиним тууралуу эмнелерди гана ойлогон жокмун. Эгер бакырбай акырын гана сурасам, баары башкача болмок. “Кечирип кой балам” десем, келиним, “ой, апа эч нерсе эмес”,- деп кучактай калды. Кандай гана алтын келиним бар.

Канча жашта болбойлу, баарыбыз ката кетиребиз. Намыстангандын ордуна, моюнга алып кечирип сурап койгонду үйрөнсөк, сыйыбыз артат экен деген ойго келдим. Ушул жашка келгенде гана, сырттан туруп алып тон бычпаш керек экенин үйрөндүм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апамды жамандасам, чоң энем «биздин каныбыз» деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине «апа» деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм экөөбүздүн 350 миң сом карызыбыз бар. Ажырашсак мен төлөп каламынбы?

Күйөөм экөөбүздүн 350 миң сом карызыбыз бар. Ажырашсак мен төлөп каламынбы?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.