AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялымды 20 жыл күнөөлөп жүргөнүмө катуу өкүнөм

Аялымды 20 жыл күнөөлөп жүргөнүмө катуу өкүнөм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Ушу катын мени артка тартты», «ушуну алгандан бери ишим оңолбоду», «ушу менен жыргатпады» ж.б. 

Жыргатпаган катыным эки жыл мурун каза болду. Ал жок жыргап кетпедим. Гүлдөп-өнүгүп кетпедим. Кайра тереңге чөктүм. Эч кимге керегим жок болуп калдым. 

Бир дагы жолу үнүн көтөрбөдү. Сөксөм унчукпай жумушун жасап коюп жүрө берди. Бир дагы жолу жылмайганын көрбөдүм. Тагдырына баш ийген бойдон жанымда жашап өттү. 

Аттиң, мен эмес, сен менин жанымда өспөдүң.

Балдар мага жакын эмес. Өзгөчө кызым мага катуу таарынып калган. Ал күнү ичип келгем. Апасына кол көтөрдүм. Болушту. А мен «ушу энең мени артка тартып жүрөт» дедим. Кызым «сен өзүң жалкоосуң, өзүң жалкоосуң, апам сага бир нерсе дедиби, колуңдан кармап бир нерсе жасатпай койдубу, сенин колуңдан ичип, адамды күнөөлөгөн эле келет, бай болгуң келсе, тиги комнатага өзүнчө бөлүнүп алып деле байыбайт белең, кана байыганың, апамды сөккөнгө эле алың жетет, сен жеткен жалкоосуң, бирөөнү күнөөлөп отурган жеңил, сен жеңил жолго качкан адамсың, апамды бактысыз кылган сенсиң, өзүң апамды артка тартып жүрөсүң, жек көрөм сени ата». 

Буркурап ыйлаган кызымды, жанында «кой кызым» деген аялымдын кебетесин унутпайм. Көп өтпөй аялым каза болду. А мен жалгыз калдым.

Мына күнөөлөгөнгө адам жок. Эми иштеп байый берсем болот. Жок, байыбадым. Анткени мен башынан эле иштегим келген эмес. Кызымдын ар бир сөзү туура. Кур намыска 25 жыл жашоомду короттум. 

Мазарга барам. Мүрзөсүнүн айланасын тазалайм. Куран окуйм. Кечирим сурайм. Колумдан ушул нерсе эле келет. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Башкалардын аялына суктанып жүрүп

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, өзүмдүкүн башкага алдырдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.