AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ата-энеме карапайым үй-бүлөгө келин болоорумду айтсам "өкүнүп калба" дешкен

Ата-энеме карапайым үй-бүлөгө келин болоорумду айтсам «өкүнүп калба» дешкен

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Күйөөм он бир туугандын кичүүсү»

Бардар үй-бүлөнүн эрке кызымын. Эч нерседен кем болбой чоңойдум. Чоң-ата, чоң энемди көргөн жокмун, таятамдар дагы мен төрөлө электе өтүп кетиптир. Туугандар менен сый мамиледебиз, бирок көп катташпайбыз.

Шаардагы алдыңкы окуу жайлардын бирин бүтүрдүм. Жумушка орношкондон көп өтпөй жолдошум менен таанышып калдым. Жөнөкөйлүгү жана боорукерлиги менен жүрөгүмдү багынтып алды. Көп өтпөй баш кошууну чечтик.

Үйгө кирип келип эле апам менен атама жакында турмушка чыгарымды айттым.

— Кызым, ата-энеси ким экен?

— Ата-энеси карапайым кишилер, өмүр бою мугалим болуп иштешиптир.

— Сенин тандооңо каршы болбойбуз дечи, бирок ал адамдардын турмушу башкача.

— Мен баарын түшүнүп турам. Кабатыр болбогула, жигитим менен бактылуу болоорума көзүм жетет.

— Кийин өкүнүп калбасаң эле.

Кыз узатуу болду. Бир аз айылда туруп, кийин жумушубузга байланыштуу шаарга көчүп келдик. Көптөгөн кыйынчылыктар баштан өттү. Азыр аларды айтуунун кажети деле жок. Эң негизгиси күйөөмдүн мага жасаган мамилеси, сый-урматы өзгөргөн жок.

Жолдошум он бир тууган, үй-бүлөсүнүн кичүүсү. Айылга тез-тез каттап турабыз. Бир туугандарынын бир бөлүгү айылда, калгандары коңшу айылдарда жашашат. Кандай иш-чара болбосун бири-бирине материалдык, моралдык жардам берип колдоп турушат. Той-аш болгондо келин-кыз, өз бала-күйөө бала дебей бардыгы кызмат кылышат.

Мени таң калдырганы кайын атам менен кайын энемдин балдарына берген тарбиясы болду.

Абысындарым менен эмне салат даярдайбыз, столго эмне коебуз, — деп жатканда, беш кайын эжем беш жактан чалып, “мен булочка жасап барам”, “балык менен гриль тоокту мага койгула”, “боорсокко убара болбогула, буюртма берип койдум” деп турушат. Эркектер малды, этти толугу менен көзөмөлдөшөт.

Кудай аларга талантты ченебей берген. Баары шайыр, тамашакөй. Ырда десе биринен-бири өтүп ыр созот, бийле десе сүлкүлдөп бийлеп киришет. Конкурстарга бири калбай катышып, байгелерди калтырбай илип кетишет.

Турмушка чыкканыма он жыл болуп калды. Учурда ар бирөөбүздүн үчтөн-төрттөн балдарыбыз бар. Айылга жөнөп баратып «топурап эмне бар силерге, үйгө калгыла!” десек, жалдырап болбой чоң ата, чоң энесиникине баргысы келет. Албетте кызыктуу, күлкүлүү жана шаңдуу жерден ким калгысы келсин.

Эми үй-бүлө болгондон кийин ортодо таарынышуу, түшүнбөстүктөр боло берет. Бирок кайын энем адилеттүү, бардыгын тескеп турат.

Ушундай үй-бүлөгө туш болуп калганыма ыраазымын. Бир да жолу күйөөмө турмушка чыкканыма өкүнгөн жокмун. Келечекте мен да апамдай адилеттүү, жүзүнөн нур тамган кайын эне болуп, күйөөм экөөбүз балдарыбыздын сыйын көрсөк экен деп тиленем.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул тесттен өтсөңүз

Бул тесттен өтсөңүз, өзүңүздү жакшы көрөсүзбү же жокпу билинет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.