// //

Мүрзөдөн келген телефон чалуу

2018.04.06, 15:19
3185

Жайкы эс алуудан кийин, группабыз менен 30-августа жолугуп башыбыздан өткөн кызыктуу окяларды, ким кайда болгонун айтып бермей салтыбыз бар эле. Бул жылы дагы адаттагыдай шаңдуу маанайда чогулдук. Отуруш ортолоп калганда группа башчыбыз ыйлап кирди. Эмне болгонун сурасак, төмөнкү окуяны айтып берди:

“Июнь айында эң жакын курбум жол кырсыгынан каза тапты. Курбумду табытка жаткызып, көрүнө коюп жатканда муңга баткан апасы табыттын ичин ачып, кызына кол телефонун карматып “Чал кызым, чалагой” деп боздоду. Ошентип акыркы сапарга узатуу аземи дагы бүтүп, үйүбүзгө таркадык.

Бир нече күндөн кийин уктап жатсам, телефонума чалуу келди. Түнкү саат үч эле. Уйкусурап араңдан көзүмдү ачып карасам каза болгон курбум чалып жатыптыр. Өзүмдү жоготуп коюпмун, жооп бере албадым.

Арадан бир канча күн өттү. Көзүмө көрүнүп кеткен го деп унутуп баштаганда, кайрадан түнкүсүн телефонум шыңгырады. Дагы каза болгон курбум чалып жатыптыр. Алган жокмун.

Эртеси чыдай албай курбумдун үйүнө барып апасына болгон окуяны айтып берсем, ал абдан кубанып мага кол телефонумду таштап кетүүмдү өтүндү. Эртеси эмне болгонун билейин деп үйүнө барсам, курбумдун апасын тез жардам алып кетип жатыптыр. Түнкүсүн жүрөгү токтоп калган экен. Үйүнөн телефонумду алып ким чалганын карасам, дагы курбум чалыптыр. Кызыгы апасы менен 3 мүнөт сүйлөшүптүр.

Коркконуман тез арада мобилдик компанияга барып, телефон номеримди алмаштырып, берки номеримди блокко түшүрүүсүн сурандым. Алдын ала ким чалганын билип бересиздерби деп алардан дагы сурасам, чынында эле каза болгон курбумдан үч жолу чалуу келиптир” деп окуясын жыйынтыктады.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
01.05.2019, 02:59

Ушинтип калпты ышкыртпай жазсанар боло. Фантазиянар укмуш тим эле . Жазуучу болсонор укмуш жарашчудай экен

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт