// //

Социофобиядан кантип арылсам болот?

2018.03.02, 15:03
1141

Менин жашым 24 тө, менде дайыма коркуу сезими бар. Адамдар менен аралашып олтурганда өзүмдү аябай ыңгайсыз сезем, олтурган жеримден чыгып кетким келет, бир сөз айтыштан да уялам. Ошонун айынан достор, туугандар менен да мамилем жок, чүнчүп көп сүйлөгүм келбейт. Маанайым дайыма жок, адамдардын баары эле  "сүйлөбөйсүң" дей беришет. Үйлөнөйүн десем да коркуп сүйлөшкүм келбейт. Интернеттен карасам мээде гормондук өзгөрүүлөр болгон экен. Бул нерседен кантип арылсам болот? Дары ичсем болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.03.2018, 16:51

Бермет Наралиева

психолог

Коркуп, тынчсызданган сезим ал баардык адамдарда эле кездешет. Себеби адамдын бат-бат стресске кабылуусу, такай чарчаган абалда болуусу, түпөйүл жан дүйнөсүндө эч ким менен бөлүшпөгөн тынчсыздануусу, бир тынчтык бербеген ооруусу же ал ооруунун күчөшү болуп эсептелинет. Мындай учурда адам өзү да эмне болуп жатканын түшүнбөй калышы ыктымал. Бул өзгөчөлүк патология эмес, мындай терс таасирлерге кабылуу ар бир адамдын турмушунда көп кездешет. Негизи стрессте жүргөн абалды ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө, акылына, деңгээлине жараша чечет. Ошентсе да сиз өзүңүзгө ушул суроону берип көрүңүз:

1. Мен эмнеге коркуп жатам?

2. Мени коркута турган себеп барбы?

3. Мен дайыма ушинтип коркуп жүрүүдөн жакшы эмнени табам, жаман эмне зыяндарды өзүмө алып келем?

Мына ушул суроолордун үстүндө ойлонуп көрүңүз дагы жооп издеңиз.

Адамдардын көзүн карай албай уялуу, жашырып сыр каткандай жүрүү -бул сиздин табиятыңыздан тартынчаак же уялчаак экендигиңизде. Ал үй-бүлөдөн ата-энеден берилген кичинеңизден берки тарбия менен байланыштуу. Мезгилдин өтүшү менен көбүнчөсүндө бул нерселер жолго салынат.

Пикир алышуудагы тоскоолдук өзүнө болгон ишенбөөчүлүктөн, “мен” деген образдын төмөн бааланышынан, өзүн башкалардан кемсинтип төмөн баалоонун негизинде келип чыгат. Баланы ата-эне кичинесинен сүйлөп баштаса ур-токмоко алып, сүйлөбөй олтур, сен али жашсың же “баладай болбойсуңбу” деп баланын өзүнө болгон ишенимин төмөнгө чаап, эркин жок кылып, балага башкалардан бир жерим кем деген сезимдин үрөөнүн сээп койгон болсо ал өсүп, өзүнүн түшүмүн берет. 

Аны психолог бир жолку жолугушууда эле оңдоп коё албайт. Ал үчүн бир нече сеанс өткөрүү керек. Андыктан бул абалдан чыгууну кааласаң сөзсүз жардамга кайрыл.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт