// //

Кудай сүйгөн Куйручук

2018.04.05, 12:30
11820

Куудул, чечен, балбан, сынчы, жомокчу, олуя, көрөгөч, төкмө Куйручук – (Кудайберген Өмүрзак уулу) 1866-жылы Жумгал районунун Кызылтуу айылында жарык дүйнөгө келип, 1940-жылы көз жумган. Энесинен эрте ажырап, жаштайынан байларга жалданып иштеп, башынан оор күндөрдү өткөргөн. Балачагынан жакшы менен жамандыкты ажыратып, эл турмушуна жакын болуп чоңоет. Ал чукугандай сөз табар, бай- манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбай ашкерелеп, куудул катары тааныла баштайт. Ошондон улам эл аны Куйручук атка кондурушкан экен. Анын "Бейиштеги үн", "Арбак", "Айып кимде", "Жалаа", "Манасым барда кайда болсо коном" жана башка жоруктары эл арасында кеңири белгилүү.

Куйручуктун жооруктары

Куйручук алты жашка чыккыча баспай, энеси жумуш кылып жатканда аны ар дайым бешикке бөлөп койчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде Куйручук бешикте жатса, үйгө жолоочулар кирип калышат. Апасы конокторго дасторкон жайып, жаңы бышкан каламаларын коноктордун алдына коюп, азыраак эти менен чучугун салганга табагы жок кошунаныкына табак сураганы чыгып кетет. Коноктордун чыдамы кетсе керек, каламаны сындырып жеп салышат. Аңгыча бирөөсү: “Ашканада дагы эмнеси бар экен? Карачы, жей берели”, – дейт. “Бышкан эт, чучук бар экен”, – дейт экинчиси. Этти, чучукту алып келип, төө чепкен кийген улуусу макиси менен кескени жатканда сырттан дабыш угулат. Андан жазганган неме чучукту жеңине ката салат. Кайсактап апасы чучукту издеп жатса, Куйручук: “Апа, чучукту издеп жатасыңбы? Ал тиги төрдө отурган сакалчан чалдын жеңинде”, – дейт. “Кокуй, бул эмне деген шумдук! Бешиктеги баласы сүйлөп…” – деп үчөө тең эшикке чыга качышат. Ошондон кийин баягы киши: “Бешиктеги баланы көрсөм бүткөн боюм дүркүрөйт”, – деп калчу дешет.

Куйручук жолоочулап Токмок шаарына барып, жума күнү чоң мечитке кирет.

- Молдоке, менин селдем жок эле, кандай кылам? — дейт Куйручук.

- Куруңуз болсо деле башыңызга чалып алсаңыз боло берет — дейт ыймам.

- Курум да жок эле — деп Кукең эшикке чыга калса, көчөдө кисе байланган бирөө өтүп баратыптыр. Аны чакырып: «Сен менин чепкенимди кармап тур дагы, кисеңди мага бер, намаз жума окуп чыга калайын» дейт. Анын кайыш курдагы кисесинде бычак, устара, кыскасы бардык сарамжалы толук экен. Тимеле шарак-шурак этет. Аны башына байлап алып мечитке кирет. Элдин арткы сабына кошулуп, намазга турат. Бир маалда эл менен кошо эңкейип, намазга жыгылганда башындагы кисе шарактап кирет. Бир тобу бышкырып күлгөн бойдон эшикке чыга баштайт. Андан кийин алдыңкы сапка барып кошулуп, эңкейип кисени шарактатса, ал катардагылар да бүлкүлдөп күлүп, катар сабы бузулуп, бирден чубап сыртка чыга башташат. Анан эң алдындагы имамдын жанына барат. Имам намаз шартына ылайык, кылчайып «салам берем» деп көрө салып күлүп жиберет да:

- Шум киши экенсиз. Намазды буздуңуз. Элдин даараты сынды. Зор күнөөгө чалындыңыз, башыңыздагы эмне? — дейт.

- Молдоке, селде чалынгыла, жок болсо кур болсо деле жарайт деп өзүңүз айтпадыңыз беле. Тебетейчен окуганга жол бербедиңиз. Эшиктен бирөөнүн курун алып, чалындым. Атайлап намазды бузганым жок. Айтканыңызды кылдым. Сиз күнөөкөр болдуңуз го. Селде таап бериң эмесе! — деп имамдын селдесин анын ооз айыбына алып кете берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт