// //

MEGA – түйүндү каптоо аймагы боюнча лидер

2023.07.17, 10:57
909

Акциялары 100% мамлекетке – КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине таандык MEGA компаниясы түйүндү каптоо аймагы боюнча лидерлик статусун тастыктады. Базалык станциялардын санын көбөйтүү жана сигналдын сапатын, 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүчтүк касиетин жакшыртуу максатында жабдууларды модернизациялоо иштеринин натыйжасында, MEGA’нын түйүнү Кыргызстандын калктуу аймактарынын 99 пайыздан ашуун аймагын камтыды. 

Муну менен катар MEGA багындырган ийгиликтери менен гана чектелип калбай, түйүндү бүткүл өлкө боюнча мыктылоону уланта бермекчи. 2023-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн иштер өлкөнүн бир катар облустарында сигналды жакшыртууга, мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга жана байланыштын сапатын мыктылоого жол ачты. 

MEGA‘нын Бишкек, Кара-Балта, Чолпон-Ата жана Нарын шаарларындагы базалык станцияларын модернизациялоосу 4G түйүнүнүн өткөргүчтүк касиетин бир топ жогорулата алды. Ошондой эле төмөндөгү айылдарда дагы төртүнчү муундагы мобилдик интернеттин жана байланыштын сапаты жогорулатылды: 

 Чүй облусу: Новониколаевка, Полтавка, Новомихайловка, Чым-Коргон, Ак-Башат, Тоолуу Маевка, Кызыл-Бирдик, Үч-Эмчек, Кара-Суу, Александровка, Беш-Терек, Сокулук (Крупская атындагы айыл округу), Сокулук (Сокулук айылдык округу), Ставрополовка. 
 Нарын облусу: Кочкор, Теңдик, Казан-Куйган, Оттук, Доскулу (Жумгал).
 Ош облусу: Жаңы-Ноокат, Кукалапаш, Төлөйкөн.
 Баткен облусу: Паскы-Арык. 
 Ысык-Көл облусу: Булан-Сөгөттү, Бостери, Кош-Көл.

Базалык станцияларды мыктылоонун эсебинен Бишкек шаарында жана төмөнкү бир катар айылдарда 3G түйүнүнүн сигналы жакшырды: 

 Чүй облусу: Новониколаевка, Полтавка, Новомихайловка, Чым-Коргон, Ак-Башат.
 Ош облусу: Жаны-Ноокат, Кукалапаш, Төлөйкөн.
 Нарын облусу: Кочкор, Теңдик, Доскулу (Жумгал).
 Баткен облусу: Паскы-Арык.
 Ысык-Көл облусу: Бостери.

2G стандартындагы станциялар Бишкек жана Кемин шаарларында, ошондой эле төмөндөгү айылдарда да модернизацияланды:

 Ысык-Көл облусу: Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак. 
 Ош облусу: Барын, Жаңы-Ноокат.
 Чүй облусу: Новониколаевка, Полтавка, Новомихайловка, Чым-Коргон, Сокулук.
 Нарын облусу: Кочкор, Теңдик.

Кошумча жабдууну ишке берүүнүн натыйжасында, MEGA компаниясынын Нарын облусундагы Шамшы айылында жашаган абоненттери 4G байланышына жетки алышты.

«Компанияны өнүктүрүү боюнча жаңы Стратегиянын алкагында, уюлдук оператор максаттуу көрсөткүчтөрдү ашыгы менен жана мөөнөтүнөн мурда аткаруу менен бекитилген пландарды ишке ашырып жатат. MEGA компаниясы Кыргызстандагы алдыңкы уюлдук байланыш оператору болуу үчүн ишмердүүлүгүн арттыруу жана байланыш сапатын жогорулатуу боюнча ишин уланта бермекчи», - деп белгиледи компаниянын башкы директору Нурлан Мамытов.

MEGA компаниясы өз алдына дымактуу тапшырмаларды койгондугун эсиңиздерге сала кетели — 2023-жылдын жыйынтыгы менен бүткүл өлкө боюнча 200дөн кем эмес жаңы базалык станцияларды ишке киргизүү максаты бар.  

Түйүн каптаган аймактар жөнүндө маалыматтарды дайыма MEGA компаниясынын расмий сайтынан Камтуу аймагынын интерактивдик картасынын жардамы менен онлайн режимде алса болот. 

MEGA  өзүнүн 3 миллион абонентин жогорку ылдамдыктагы Интернет жана сапаттуу байланыш менен камсыздап турган, сапаттуу менеджмент системасынын ISO 9001:2015 стандарттарына шайкеш келүүсүн тастыктаган эл аралык тастыктамага ээ, биринчи жана жогорку технологиялуу бирден-бир байланыш оператору болуп саналат.

MEGA – «БИЗДИН байланышты колдон

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт