MEGA – түйүндү каптоо аймагы боюнча лидер
Акциялары 100% мамлекетке – КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине таандык MEGA компаниясы түйүндү каптоо аймагы боюнча лидерлик статусун тастыктады. Базалык станциялардын санын көбөйтүү жана сигналдын сапатын, 2G/3G/4G түйүндөрүнүн өткөргүчтүк касиетин жакшыртуу максатында жабдууларды модернизациялоо иштеринин натыйжасында, MEGA’нын түйүнү Кыргызстандын калктуу аймактарынын 99 пайыздан ашуун аймагын камтыды.
Муну менен катар MEGA багындырган ийгиликтери менен гана чектелип калбай, түйүндү бүткүл өлкө боюнча мыктылоону уланта бермекчи. 2023-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн иштер өлкөнүн бир катар облустарында сигналды жакшыртууга, мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга жана байланыштын сапатын мыктылоого жол ачты.
MEGA‘нын Бишкек, Кара-Балта, Чолпон-Ата жана Нарын шаарларындагы базалык станцияларын модернизациялоосу 4G түйүнүнүн өткөргүчтүк касиетин бир топ жогорулата алды. Ошондой эле төмөндөгү айылдарда дагы төртүнчү муундагы мобилдик интернеттин жана байланыштын сапаты жогорулатылды:
Базалык станцияларды мыктылоонун эсебинен Бишкек шаарында жана төмөнкү бир катар айылдарда 3G түйүнүнүн сигналы жакшырды:
2G стандартындагы станциялар Бишкек жана Кемин шаарларында, ошондой эле төмөндөгү айылдарда да модернизацияланды:
Кошумча жабдууну ишке берүүнүн натыйжасында, MEGA компаниясынын Нарын облусундагы Шамшы айылында жашаган абоненттери 4G байланышына жетки алышты.
«Компанияны өнүктүрүү боюнча жаңы Стратегиянын алкагында, уюлдук оператор максаттуу көрсөткүчтөрдү ашыгы менен жана мөөнөтүнөн мурда аткаруу менен бекитилген пландарды ишке ашырып жатат. MEGA компаниясы Кыргызстандагы алдыңкы уюлдук байланыш оператору болуу үчүн ишмердүүлүгүн арттыруу жана байланыш сапатын жогорулатуу боюнча ишин уланта бермекчи», - деп белгиледи компаниянын башкы директору Нурлан Мамытов.
MEGA компаниясы өз алдына дымактуу тапшырмаларды койгондугун эсиңиздерге сала кетели — 2023-жылдын жыйынтыгы менен бүткүл өлкө боюнча 200дөн кем эмес жаңы базалык станцияларды ишке киргизүү максаты бар.
Түйүн каптаган аймактар жөнүндө маалыматтарды дайыма MEGA компаниясынын расмий сайтынан Камтуу аймагынын интерактивдик картасынын жардамы менен онлайн режимде алса болот.
MEGA – өзүнүн 3 миллион абонентин жогорку ылдамдыктагы Интернет жана сапаттуу байланыш менен камсыздап турган, сапаттуу менеджмент системасынын ISO 9001:2015 стандарттарына шайкеш келүүсүн тастыктаган эл аралык тастыктамага ээ, биринчи жана жогорку технологиялуу бирден-бир байланыш оператору болуп саналат.
MEGA – «БИЗДИН байланышты колдон!»