// //

Күйөөм "мени багат" деген тилек менен мага үйлөнгөн экен

2023.07.11, 14:41
13861

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Билбейм, сүйүп калсаң көп нерсени байкабайт экенсиң. Жылуу сөзүнө арбалып, мамилесине алданып турмушка шашып чыгып алдым. Анан баары башталды. 

Жакшынакай жумушунан чыгып алды. Төрт айдан бери үйдө. Толуп кетти. Өзүн карабайт. Футболкасын алмаштырбайт. Тамак жейт. Телефон чукуйт. Урушсам сөгөт.

Иште деп канча жолу айттым. Жакшы айттым. Жаман айттым. Эч болбоду. Айлам кеткенде кайын энеме айттым. Аны да укпайт экен. Акыры мага баары бир болуп калды. 

Мен карапайым эле үй-бүлөнүн кызымын. Тытынып иштейм. Бир эмес эки жерде иштеп, бош убактымда да акча тапканга шашам. Акчамды ата-энеме берем. Ошентип жүрүп үй салып бердим.

Жолдошум менен мен иштеген цехтен жолукканбыз. Айдоочу болчу. Ар жакка жумуштап барып калчук. "Бутуңуз жерге тийбеген кыз экен" дегени дале эсимде. Ар дайым чуркап жүрчүмүн. Баары менин мойнумда эле. Чарчадым.

"Мен сага жөн үйлөндү дедиңби? Мени багат деп үйлөнгөм!" Оозум ачылып калды. Шок болуп калдым. Көрсо күйөөм жеткен жалкоо экен. Аны баккан аял издегенин кайдан билдим. Ушундай жараландым. 

Ажыраштым. Чарчадым. Жумуштан чыктым. Бирөө жетет. Болду. Ар ким өз арабасын тартсын. Ушундай чарчадым. Эс алгым келет. Жоопкерчиликтин баарын ыргытып салдым. Мен эми өзүм үчүн жашайм.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт