// //

"Атоу, мени алып кетчи!" Кызым түндө чалганда жүрөгүм токтоп калайын деди

2023.07.10, 13:24
23226

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Чуркап чыктым. Галошумду таба албай, кемпиримдин туфлисин кийдим. Машинаны от алдырган бойдон кызымды көздөй жөнөдүм. Секетим менин, атаңды кечир...

Жолдо баратып балачактагы элеси көз алдыма келди. Чачы кызыл, бетин сепкил баскан, башкача кыз эле. Чет элдик кинолордогу актрисалардай болчу. Баары кызымды шылдыңдашчу, ыйлап келгенде алдыма отургузуп алып сооротор элем. Супсулуу кыз болуп бой жетти. 

Ар бир ата-эне баласын бактылуу болсо дейт, жакшы жашаса дейт. Аттиң, бирок өз кыялыбызды таңуулап жатып, алардын тилегин эске албайт экенбиз. Бардар жердин баласы деп, кызымды бейтааныш бир жигитке турмушка узаттым. Өкүнөм.

Той алдында берген убадалар унутулуп баштады. Кызым окуусун таштады, кийин окуйт дешти. Жумушунан чыкты, акча бар дешти. Айтор, апасы экөөбүзгө чалбай да калды. Могу жүрөк тынч эмес эле.

Кызыл камчы, ичет, чегет... Күйөө баламдын анык жүзү ушул болуп чыкты. 

Сыртта ыйлап отуруптур. Кудум кичине кезиндей боорума кыстым. Мурду кан. Могу жүрөк жарылып кетейин деди. "Ата, алып кетчи" деди. Актанган кудаларды уккан жокмун. Күйөө баламды эмне кылганымды айтпай эле коеюн, ар бир ата ушул жолго бармак. Мыйзам чегинде дагы жазасын алдыртам. Милиция күтүп отурдум. Алар келгенден кийин кызымды алып жөнөп кеттим.

Үнсүз бараттык. Кызым сыртты карап баратат. Байушум соолуп калыптыр. Күнөөлүмүн.

- Кечир, атаңды, кызым...

Унчуккан жок. 

- Мен жаныңда болом. Тек гана жаныңда болом. Кечир кызым...

Башын ийниме койду. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт