// //

Бул 5 адатты үйрөнүп алсаңыз, планета сизге рахмат дейт

2023.07.04, 14:52
957

Салам, достор! Жаратылышты жана экологияны сактап калуу үчүн, өзүбүздөн баштоо керек, болбосо, планетаны сактап калуунун башка жолу жок. Бүгүн биз силерге күнүмдүк жөнөкөй адаттарды айтып беребиз. Аларды аткара баштагандан тарта, жаратылышты сактап жатам деп сыймыктануу менен айта берсеңиз болот.

Сууну үнөмдөңүз

Өзүңүздү максатсыз суу коротпоого үйрөтүңүз: тишиңизди жууп, чачыңызды көбүртүп, сакалыңызды кырып же идиш жууп жатканда аны өчүрүңүз. Айтмакчы, идиш, кир жуугуч машина, колго жууганга караганда сууну көп үнөмдөйт. Демек, буларды тандаганга артыкчылык бериңиз.

Полиэтилен пакетке кош деңиз

Калдыктардын көбү бир жолу колдонулуучу буюмдар, аларды өндүрүү жана кайра иштетүү баалуу ресурстарды сарптоолорду талап кылат. Ал эми сиз баш тарта турган биринчи нерсе - бул кассадагы сатуучу сизге сунуш кылган желим баштыктар. Баштыктын ордуна эко-баштыктарды, авоска же шоперлерди колдонуңуз. Баса, "бул желим баштыктар дароо жок болуп кетет" деген рекламаларга ишенбеңиз. 

"Светти" өчүрүңүз

Баналдуу көрүнүшү мүмкүн, ошентсе да бөлмөдөн чыгып жатканда жарыкты өчүргөндү адат кылыңыз. Сиз көп убакыт өткөргөн бөлмөдө шыптын жарыктандыруусун, атайын лампа, шамдарды колдонуңуз. Турмуш-тиричилик техникасын сатып алууда энергия эффективдүүлүгүнүн классы А++ кем эмес электр приборлоруна көңүл буруңуз: мындай приборлор минималдуу электр энергиясын керектейт. Ошондой эле муздаткыч жана кир жуугуч машинанын нускамаларын кунт коюп окуп чыгыңыз: ал жактан жабдууларды мүмкүн болушунча үнөмдүү пайдалануу боюнча көптөгөн маалыматтарды таба аласыз.

Кружка же бөтөлкө сатып алыңыз

Кофени жакшы көрсөңүз, күнүнө үч-төрт кружка ичсеңиз, көп жолу колдонулуучу тамблерлерди сатып алыңыз. Кофейняларда берчү бир жолу колдонулуучу кофе стакандарыүздөгөн жылдар бою чирий турганын билесиз. Ошондой эле, суу ичкен адатыңыз бар болсо, атайын суу бөтөлкөсүн сатып алганыңыз оң болот. 

Таштандынын баарын бир чогултуп ыргытпаңыз

Таштандыларды сорттоңуз. Баарын бир баштыкка салып чогултуп ыргытпай, бөлүп чыгыңыз, айталы, пластик, кагаз ж.б деп. Албетте, башында кыйын болот,  бара-бара көнүмүшкө, жашоонун нормасына айланат.

А сиз булардын кайсы бирин аткарасыз?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт