// //

"Окубайм, акча табам" деген абитуриенттердин ата-энелерине кеңеш

2023.06.16, 12:21
2570

Салам, ата-эне! Балаңыз мектепти аяктап, окуу жайга тапшырып баштады. Бирок, сиз каалаган багытты тандагысы келген жок, атүгүл, окубай эле акча табам деп жатат. Бул учурда эмне кылуу керектинин психолог Инна Поляк айтып берет.

- Тилекке каршы, көбүнчө бизде өспүрүмгө карата "ал азырынча эмне каалап жатканын билбейт" деген мамиле бар. Чоңдор, бизде тажрыйба жана билим бар деп эсептеп, өспүрүм үчүн тандоо жасаганга аракет кылат. А чынында бала өзү эмне каалап жатканын билбейбиз. Балдар менен байланышта болгонубузга карабастан, баары бир бирибизден ар башкачабыз. Ошондуктан, биринчи кезекте ата-энелерге кайрылуум: 16-17 жашында балаңыз эмнени каалап жатканын билет, буга ишениңиз. Болгону ал дайыма эле айта бербеши мүмкүн. Жагдайга нейтралдуу көз караш менен баа берүүгө аракет кылыңыз. Балаңызга бардык каалоолору калыптанган адам катары караңыз. Ата-эненин милдети ал үчүн чечим кабыл алуу эмес, колдоо болуп саналат.

- Учурда жаштар ата-энелери сыяктуу жумушка көп убакыт жана күч жумшагысы келбейт. Алар жеңил жашап, позитивде болууну, биринчи миллионун оңой табууну каалашат. Бул жерде талашып-тартышуунун кереги жок. Менин оюмча, балага акча таап баштаганга жөн эле мүмкүнчүлүк берүү керек. Көбүнчө биз балдарыбызга чоң акчаны мээнет менен табыш керек деген көз карашыбызды таңуулайбыз. Бирок, акча табуу үчүн ар кандай жолдору бар экенин унутпайлы. Ошондуктан, бул жерде баланын канаттарын кеспей, колдоо көрсөтүү керек.

- Канчалык ата-эне балага кысым көрсөтүүгө аракет кылса, ал ошончолук каршылык көрсөтөт. Андыктан: "Каалаганыңды жаса, бирок алгач практикага чыгып көр, экономист кандай иштээрин көр, ошондо бул сенин кыялыңдагы жумуш экенин түшүнөсүң" деп айтуу керек. Ааны волонтердук практикага бир жакка жөнөтүп көрүү керек, ошондо ал бул жумушту каалайбы же жокпу, сырттан карап көрмөк.

- Өзүңүздүн потенциалыңызды жана кыялдарыңызды балдарга жүктөөнүн кереги жок. Биринчиден, алар өздөрүн кыялдарынан ажыратышат. Анткени, өзүңө жаккан нерсени жасоо -  чыныгы бакыт. Орундалбай калган кыялдарыңызды таңуулоо менен балаңыздын жашоосунан ырахат алышына тоскоол болосуз. Бул аракет ал эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Бала өзүнө чыккынчылык кылат, ошол эле учурда анын ичинде терең кризистер пайда болуп, баары бир кийин ар кандай формада сыртка чыгат. 

- Менин оюмча, ата-эне бир нерсени түшүнүшү керек: акча бактылуу адамга акча келет. Эртеби-кечпи, адам өз тагдырын, миссиясын түшүнөт, ошондо ал жакшы акча таба баштайт. Кандай адистикте экени маанилүү эмес. Жогорку билими жоктор деле өнөркана ачып, эң жакшы акча таап жатышат. Шаарыбызда да жасаган жумушунан ырахат алып иштегендердин тейлөө пунктары бар. Ал адамдын ырахаттанып иштегенин көрүп ага барасың, анткени сен да анын ушул сонун ички сезиминин бир бөлүгү болгуң келет. 

Психологдун бул оюна кошуласызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт