// //

Күйөөмдүн бул сөзүнөн кийин байпагын тикпей калдым

2023.06.10, 15:31
6518

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

"Сенин баладай мүнөзүң жагат, баарына кызыга бересиң." Эмнеге ага турмушка чыгышым керек экенин сурасам, мени сүйөрүн айтып, ушундай дегени эсиме түштү. Колумдагы жыртык байпакты тигип бүтпөстөн таштандыга алып барып ыргыттым.

Атам мени "кызым саякатчы болот, дүйнө кыдырат" дечү эле. Көзүмө эмне көрунсо баарына кызыга берчүмүн. "Бул эмне?", "Эмнеге андай?", "Эмне үчүн бул жерде турат?" Кызыгуум күч эле. Бой жеткенде дагы бул нерсе калбады. 

Мектептен, университеттен майрамдардын баарын мен уюштурчумун. Мугалимдер менен бир теманы кечке талашып талкуулап, активисит атка конгонмун. Бир көйгөйдү көрсөм, көтөрүп чыгып, чечилгиче аягына чыгат элем. Досторум толтура. Достошкусу келгендер дагы толтура. Мен жашоого суусап жашаган кыз болчум.

Турмушка чыккандан кийин мага бир нерсе болду. Башында баары сонун болчу. Баягы бала кыял эле кыз элем. Анан башталды. Кайын-журтка жагынгым келди. Өзүмо жакпаган ролду, жалган күлкүнү кабыл ала баштадым. Алардын ушагына кошулуп ушакташкан адат таптым.

Жанымды кыйнап калп эле үй тазалай берчүмүн. шейшептерди күн сайын жууп, анан эки жагын тең үтүктөп, кайра оодарып үтүктөгөн адат таптым. Эмне кылышты билбей, күйөөмө себепсиз чалып, "эмне кылып жатасың" деп калп эле суроо бере берчүмүн. Албай койсо үйгө келгенде жаңжал салат элем.

Кышында ачка кала тургандан бетер толтура варенье, салат жапкан нерсе таптым. Аны эч ким деле жебейт. Бирок, башка келиндер деле жабып жатпайбы деп, аларга атандашчу болдум. 

Күйөөм мени мурдагыдай эркелетип, мурдагыдай көздөрү менен карабай калды. Жашырганда эмес, төшөк мамилебиз дагы солгундады.

Күзгүгө карандым, тамак жыттанган, чачы саксайган, арыктаган, жүдөгөң бирөө. 

Ал күн дале эсимде. Күйөөм экөөбүз тойго баратканбыз. Кечигип жаттык. Күйөөм өзүм эле кийинем десе болбой, кийимдерин алып чыгып берип, байпактарын издей баштадым. Өзүм болсо таптакыр даяр эмесмин.

Анан байпагынын кыры жыртылып калганын көрүп, шашып жатканыбызга карабай отуруп тиге баштадым. Күйөөм ошондо тарс эттире шкафтын эшигин жапты. Чочуп кеттим.

- Сен эмне менин апамсыңбы? Же мен көзүңө жаш бала көрүнүп жатамбы? Же бир жерим иштебейби? Эмнеге мага анча өзүм эч нерсе кыла албагандай мамиле жасайсың? Өзүм кийинем, өзүм курсагым ачса бир нерсе бышырып жейм. Мен өзүм кыла алам! Угуп жатасыңбы? Сен кул эмессмиң мага! Шейшепти үтүктөп, варенье жасап, байпагымды тигип кызмат кылбай эле койчу! Мен сени ошону жаса дедимби, айтчы, бир дагы жолу андай кыл дебедим. Сенин өзүңдүн жашооң барбы? Мен сенин бүт өмүрүң эмесмин. Мен жөн гана күйөөңмүн. Мени баарынан өйдө коюунун, жакшы же жаман болуунун кереги жок. Кандай болсоң ошондой бол! Мен сүйгөн бала мүнөзүң кайда! Сен азыр менин көлөкөм болуп баратасың. Сени менен сүйлөшүү кызыксыз болуп баратат. Сен өзүңө кызыксыз болуп баратсың. Мен сени кызматчы эмес, аял кылып алганмын. Сени менен кеңешип иш кылып, жаныңда уктап, сүйүүмдү арнап туруу үчүн үйлөнгөм. 

Байпагын ыргытты дагы сыртка чыгып кетти. Мен көзүм тостойгон бойдон отурдум. 

Ыйлап бүтүп бетимди жуудум. Кайын эжем тойго келатабызбы сурап чалды. "Жок" дедим дагы, адаттагыдай актанбай, трубканы басып койдум. 

Көпкө чейин шыпты тиктеп жаттым. Анан мага жумуш сунуштап жаткан курбума чалдым. 

Ошол күндөн бери мен жыртыктарды бүтөгөн тигүүчү, же кышкыга кам көргөн ашпозчу эмесмин. Бирөөгө кызмат кылбайм, жагууга аракеттенбейм жана эч нерсени далилдебейм. Мен жөн гана менмин! Мен өзүмдү тандадым. Жашоого болгон баягы кызыгуум кайтып келди. 

Күйөөм мени мурдагы көздөр менен карап калды. Баса, азыр үтүктөлбөгөн шейшепти жамынып алып, бул окуямды жазып жатам. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт