Келинимди кетирип жакшысын алам деп жаңылыпмын, өзүмдөн жаман бирөө келди
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Аттиң, эмнеге баары татаал? Эмнеге бактылуу болууну татаалданта беребиз? Эмнеге? Эмнеге ушул колдор менен баарын бузабыз? Эмнеге бул колдорду бирөөнү кучактаганга, таттуу тамак жегенге арнабайбыз? Эмнеге шашабыз?
Түнкү саат үч. Сыртта айды карап отурам. Бүгүн ай ушунчалык сулуу. Кудум менин келинимдей аппак. Келиним деп коем, кетирген келиним. Ушул колдорум менен кетирген келиним.
Эмне болгонун айткым деле келбейт. Айтканда эмне, өзүм күнөөлүмүн да. Улам өзүмдү жей берип арыктап деле кеттим. Курбумдун кызын алып берем деген сөзүмө эле тургум келген. Уулумдун дагы жүрөгү бар экенин унутупмун.
Азыр экөөбүз тең бактысыз. Жашоо менен күрөшпөй деле калдык. Эмне болсо, ошол болсун деп жашап келатабызз. Ал жумушунда кармалат, мен үйдө жалгыз. Экинчи келиним да жумушта. Ал келсе үйдө күндө уруш, уулум экөө тил табыша албай ызы-чуу. Баарын жасаган мен унчукпай отурам.
Айды карап келинимди сагындым. Ушундай аппак келиним бар эле. Мага жасаган мамилеси, уулума болгон сыйы. Ал кеткенден кийин уулумдун сөзүн унутпайм. "Апа, өзүмдү өмур бою жек көрүп өтөм" деди. Кечирим сурай албадым.
Мен чарчадым. Жөн эле жашагым келет. Мурдагыдай жашагым келет. Уулумдун күлүп жүргөнүн көргүм келет. Аттиң, эми андай болбойт.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди