// //

Келинимдин бөлмөсүнөн сүрөтүмдү таап алган күн жашоомду өзгөрттү

2023.05.13, 14:49
11968

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Тушоо тойго жөнөп баратканбыз. Сумкамды унутуп чыгып кетипмин. Үйгө кирип баратсам, “апа курткамды кошо ала чыгасызбы” деп калды. Албетте, макул болдум. Уулум экөөнүн бөлмөсүнө кирдим. Курткасын алып баратып чалынып кеттим. Столунун үстүндөгү китептерин түшүрүп алдым. Ордуна коюп жатып бир дептери көзүмө түштү. Эми андай кылбаш керек, бирок, адам болгондон кийин кызыгат экенсиң. Ичин ачып карасам, менин сүрөтүм, түбүндө бир жазуу бар экен. Көргөн көзүмө ишенбедим...

Машинада баратабыз. Уулум менен келиним тамашалап ар нерсени сүйлөп жатышат. Алар менен ишим деле жок. Терезени ойлуу тиктеп бараттым. Бир маалда келиним “апа, баары жакшыбы” деди. Айтсамбы же жокпу... Макул, кийин айтайын.

Тушоо той жакшы өттү. Чуркоо боюнча уулум үчүнчү, келиним экинчи орунду ээлешти. Курсагыбызды тойгузуп, жиликтерибизди алып үйгө жөнөдүк. А менин көз алдымда дале сүрөтүм менен анын түбүндөгү жазуу турат. Ошол сүрөттү өзүмө албасам тынч уктай алчудай эмесмин.

Узун тармал чачы шамалга учуп жатат. Ага кошулуп көйнөгүнүн этеги желбирейт. Колунда кызгалдак. Алысты карап турган көздөрүнөн кайгыны да, бакытты да көрсө болот. Жүзүндөгү бырыштар өзүнө жарашат. Колундагы билерик дагы ашыкча эмес. Бир нерсени күтүп жатат. Ал эмне экени белгисиз. “Сулуулуктун пири”. Түбүндөгү жазуу.  А сүрөттөгү мен.

Келиним сүрөтчү экенин билген эмесмин. Сүрөттү жөн эмес, ага жан киргизип тартат экен. Көр турмуш деп жүрүп бир кезде сулуу айым болгонумду унутуп койгом. Минтип, келинимдин калеми эсиме салды. Мени эч ким минтип сүрөткө тарткан эмес.

“Сүрөтчү болом десем ата-энем каршы болуп коюшкан. Ошол бойдон таштап койгом. Бирок, акыркы убактарда бош отура калсам эле минтип сүрөт тартам. Сизди биринчи көргөндө эле ушундай кылып тарткым келген. Таарынган жоксузбу?” Сүрөтүмдү сурасам ушинтти. “Сен мени бактылуу кылдың” дедим дагы чекесинен өптүм. 

Эртеси базарга түшүп сүрөтүмө рамка сатып алдым. Анан түстүү боекторду, калемдерди, атайын сүрөтчүлөр үчүн альбомдорду алганды унуткан жокмун. Үйгө келип, келинимдин бөлмөсүнө кирип баарын столунун үстүнө койдум дагы, “баштан баштоо эч качан кеч эмес” деп бараккка жазып, чыгып кеттим.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт