// //

Эсибизде жана сыймыктанабыз! MEGA ардагерлерди Жеңиш Күнү менен куттуктады

2023.05.08, 19:01
495

MEGA компаниясы Улуу Ата мекендик согуштан майып болгондорду жана ардагерлерди, тылдын эмгекчилерин, концлагерлердин туткундарын жана Ленинград блокадасын башынан кечирген кыргызстандыктарды 9-май Жеңиш Күнү менен куттуктады. Мындай жөрөлгө компанияда17 жылдан бери ишке ашырылып келет.

Мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алышты.

Жеңиштин 78-жылдыгына карата MEGA компаниясынын атынан ардагерлерге таттуу белектер, гүлдестелер тартууланып, материалдык жактан жардамдар көрсөтүлдү. Тактап айтканда, MEGA’нын топ-менеджерлери ардагерлер Николай Мироненко жана Туркенакун Бейшембаевди куттуктап, алардын 1941-1945-жылдардагы согуш учурундагы эрдиктери, чыдамкайлуулугу жана тайбастыктары үчүн таазим этишти.

Мекенди коргогон ардагерлерибиз өз өмүрлөрү менен ден соолугун тобокелге салып Жеңишти алып келгендерге көңүл бургандыгы үчүн MEGA’нын өкүлдөрүнө ыраазычылыктарын айтышты.

Кымбаттуу ардагерлер, тайманбас эрдиктериңиздер, мекенге болгон сүйүүңүздөр жана бизге тартуулаган ачык асман үчүн сиздерге терең таазим. Сиздерге чың ден соолук каалайбыз.

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт