// //

Аскер болгум келет

2018.02.21, 10:06
1910

Мен Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Мамлекеттик улуттук аскер лицейине тапшырайын дегем. Бирок 2018-жылы кабыл алуу болобу? Окуу жай жөнүндө дагы маалымат айта кетесиздерби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.02.2018, 10:08

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери

боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы

 

Дайыр Асанов атындагы кыргыз Улуттук лицейинде 2017-18-жылдарда окуу процессин реформалоо белгиленгендиктен улуттук лицейге 2017-18-жылдарга лицейчилерди кабыл албоо чечими кабыл алынган. Былтыр кабыл алуу жүргүзүлөбү же жокпу азырынча белгисиз бойдон калууда.

Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асанов атындагы КУАЛ, өзүнүн уюштуруу-укуктук түзүлүшү боюнча негизги жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, орус тилин терең билүүгө, күчөтүлгөн аскердик-дене тарбиялык даярдыкка багытталган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин мамлекеттик жалпы билим берүү мекемеси болуп саналат.

КУАЛда окутуу шарттары:

Окутуу 3 жылдык программа боюнча жүргүзүлөт (9, 10 жана 11-класстар).

Окутуу мезгилинде тарбиялануучулар толук мамлекеттик камсыздоодо болушат. Окуудагы эң жакшы көрсөткүчтөрү жана үлгүлүү тартиби үчүн Коргоо министринин атынан стипендия белгиленет, ал окуу жыл мезгилинде төлөнөт. Окуп жаткан тарбиялануучуларга жайкы жана кышкы каникулдар берилет.

КУАЛга өтүү шарттары:

КУАЛдын биринчи курсуна орто билим берүү мектебинин сегизинчи классын бүткөн уландар кабыл алынат.

Окутууга тандоо төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлөт:

- тестирлөө, ал боюнча жалпы билим берүү дисциплиналары боюнча талапкерлердин билиминин деңгээли аныкталат;

- медициналык күбөлөндүрүү;

- дене тарбиялык даярдыгы.

КУАЛга өтүүнү каалаган талапкерлердин өздүк делолору жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарында таризделет. Талапкерлердин бардык комплектелген өздүк делолору кабыл алуу комиссиясынын иши башталганга чейин КУАЛга аскер комиссариаттары тарабынан берилет. Өздүк делолор катталат, талапкерлердин фамилиялары талапкерлердин тизмесине киргизилет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт