Кантип аскердик билет алсам болот?
1. Менин жашым 25те. Аскерге чакыруу 25 жашка чейин кыскартылгандыктан чакырылбай калдым. Өзүм мамлекеттик күч органдарында иштөөнү эңсейм, окууну чет өлкөдөн бүтүп келдим. Кантип аскер билетин алсам болот, 50 миң төлөп 1 ай кызмат өтөсө болот деп уктум. Ал билет жарайбы мамлекеттик кызматка орношууга. Ал жакта наам берилеби? Бир жыл аскерге кызмат өтөгөн аскер билети менен 50 мин төлөп 1 ай кызмат өтөгөн билеттердин эмне айырмасы бар?
2. Мен финансы тармагында окуйм. Азыркы учурда аскер билетсиз мамлекеттик иштерге албайт деп айтышат. Кээ бирлери финансы тармагында окугандарга аскер билетинин кереги жок деп айтышат. Финансы тармагында окугандарга аскер билети керекпи?
Нуржанат Алмазбек уулу
аскердик эсепке алуу боюнча инспектор
1. Туура айтасыз азыр 1 жылдык кызмат өтөө 18 жаштан 25 жашка чейинкилерге. Ал эми сиз айткан 50 миң төлөп бир ай кызмат өтөө 25 жаштан 45 жашка чейинкилер үчүн. Аскер билетти алуунун айырмасы жогорудагыдай жаш куракта болот.
2. Туура! Мекенге кызмат өтөбөгөн жаран “аскер билетсиз” болот. Ал эми мамлекеттик жумуштарга аскер билетинин кереги тийет. Финансы тармагында окусаң деле, бул нерсе өзгөрүлбөйт. Андыктан жоокер аталып, аскер билетин ал.