Атамды башка аял мен көргөн күн жашоомду өзгөрттү
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Бул менин баяным. Менин жашоомду өзгөрткөн баяным. Апама болгон сыйды күчөткөн баяным. Атама болгон муздактыкты пайда кылган баяным.
Апам ай, эмнеге мынча жакшы адамсың? Сенин ак көңүлдүгүңөн кимдер гана пайдаланган жок. Апам ай, мынча жумшак адамсың. Эмнеге жаманды жаман дебедиң? Эмнеге атамды мактадың?
Эртең менен турсам жок экен. Апам алыска жумушка кетти деди. Мен ишендим. Атамды күтүп жүрдүм. Туулган күнүмдө келбеди. Биринчи класска барганымда келбеди. Беш алганымда келбеди. Мектепти бүтүп жатканда келбеди. Университетке өткөнүмдө келбеди.
Апам ай, беш баланы жалгыз кантип бактың. Кантип ушунча жыл атабызга болгон сыйыбызды сактап, аны жамандабадың. Апам ай.
- Атамды көрдүм.
- ...
- Башка аял менен көрдүм.
- ...
- Мени карап туруп өтүп кетти.
- ...
- Апа эмнеге унчукпайсың? Таштап кетти беле? Ушунча жыл бул жакта эле болчубу? Эмнеге бизден кабар албады? Кантип ачка отурганыбызда келбеди? Иним ооруп, дарысына акча таба алгандачы, апа... Баласы каза болгондо келбеди... Апа?
- Кызым, ал атаң.
Ыйлап жаттык. Апамды беш баласы менен таштап коюп, сайрандап жүргөн атам болобу? Уулу каза болгондо келбеген атам болобу? Беш баласы ачка отурганда башка аял жандаган ата болобу?
Мен эми аны күтпөй калдым. Анын аман жүрүшүн күн сайын тилебей калдым. Жол карабай калдым. Мен аны кое бердим. Ата андай болбойт.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди
Күйөөмдүн төрт жашар кызы мени “мастан кемпир” дечү
“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес
Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат