// //

Жеңем апам менен айтышканын байкем билбейт. Эмне кылышым керек?

2023.02.28, 17:50
2426

Саламатсызбы. Менин силерге кайрылганымдын себеби төмөндөгүдөй: мен 18 жаштамын, үйдүн кичүү уулумун. Байкемдин аялы апам менен айтышат, мени көзгө да илбейт. Жеңемдин мындай кылганын байкем билбейт. Апам да айтпайт экен.

Бир күнү сырттан келсем, жеңем апам менен кыйкырышып жатыптыр. Кирип барып “Эмне болду жеңе? Эмнеге апам менен айтышып жатасыз?” – десем, “Сиздин ишиңиз эмес, кийлигишпеңиз!” – деди.

Мейли деп тим койсом, дагы деле токтобойт. Өзүмдү кармай албай атырылдым. Апам ортобузга түшүп, мени кармап калды.

Ошого психологдордон кеңеш сурайын дегем, эмне кылыш керек? Кандай кылганым туура болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2023, 17:51

Асель Суюнбаева

Психолог

Саламатчылык. Байкеңиз менен жеңеңиз бөлөк үй-бүлө ошондуктан ал жака кийлигишпей эле койгонуңуз оң. Апаңыз менен жеңеңиздин ортосунда кандай конфликт бар экенин, ал эмнеден улам келип чыкканын сиз билбейсиз.

Бул кырдаалга апаңыздын да жеке оюу бар, ошондуктан сизди да, байкеңизди да кийлигиштирбей жатат. Ал улуу адам катары жеңеңиз экөөнүн ортосундагы мамилени өз алдынча чечип алууга далалат кылып жатат өңдөнөт.

Ошондуктан терең дем алып, өзүңүздүн эмоцияларыңызды колго алып, жеңеңизди сыйлаарыңызды, байкеңер экөөнүн жашооуна кийлигишпей тураарыңызды айтыңыз. Бирок апаңызга жасаган мамилеси жакпаганын билдириңиз.

Мындай көйгөйлөрдү чечүү оңой эмес, бирок аракет кылып көрүңүз.

Ийгилик!

#билесиңбиөспүрүм

Башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Апам “сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет” деди

10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин

Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт