// //

Байкем менен жеңемдин сүрөтүн сындаган туугандардын оозун чоң апам жапты

2023.02.08, 15:25
10986

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурмандан келип түшкөн баянды жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Жеңелүү болдум! Ура! Жеңелүү болдум!

Мектептен чыгып алып, кыздар менен сүйлөшүп отургам. Иним байкем келин алып келгенин айтып чалды. Сүйүнгөн бойдон үйгө чуркап жөнөдүм. 

Бир жылдан бери тойго даярданып жүргөнбүз. Байкем "мына алып келем", "ана алып келем" деп жүрүп акыры сөзүнө турду. Атамдын "келин алсам союем" деп багып жүргөн кою картайып деле калды (күлүп). 

Шайыр жеңелүү болдум. Быдылдап зериктирбейт экен. Ага суктанып коюп эле отурдум. Ватсаптан толтура статус чыгарып, кыздарга мактандым. Мен жеңелүү болгум келчү. Аябай күткөм. Мага жакты.

"Маңдай жарык жаркылдаган кыз экен" деп чоң энем дароо жактырды. Анан мага бербей жүргөн алтын билеригин жеңеме такты. Ошентип той башталды. Эң кызыгы байкемдин достору экөөнө Түркияга жолдомо беришти. Жеңеме "мага муну ала келиңиз" деп  толтура буйрутма бердим. 

Жеңем инстаграмга биринчи сүрөтүн жүктөдү. Экөө бактылуу самолетто кетип баратышат. Анан артынан видеолор кетти. Экөө чын эле бактылуу. Байкем жеңемди өөп, кучактап, сонун романтика кыскасы. Туугандар ошондо "уялышпайбы" сөз кыла башташты. Баарыбыз үйдө болчук. Чоң энем "крутой" да. Бир заматта ордуларына койду.

- Ай, келиниңиз ачык кийинет экен.

- Жаш кезде кийинбеген, сендей карыганда кийинеби анан.

- Тим эле келин болгонун унутуп бийлейт го.

- Жыргай берсин, азамат. 

- Карап көй, өбүшуп түшкөн сүрөттөрүн.

- Сага эмне, кайра жакшы кийин түшүнбөстүктөр болсо, ошол сүрөттөрүн карап, дароо элдешишет. Бул нерсе адамды жакындатат. Жылуу элестерди тартуулайт. Аялын өөп, кучактап турган күйөө кандай сонун. Сеникиндей кургак болсунбу.

- Жыргал эле ушулардыкы.

- Бул сүрөт. Сүрөттө баары жыргап жүрөт. Түйшүк сүрөткө түшпөйт.

- Кичине сезимдерин катышпайбы.

- Катып жүрүп, канча адам бактысыз. Сезимдер ачыкка чыгыш керек. Силерге эмне ай. Бирөөнү ушактап, өзүңөрдү ылдый түшүрөсүңөр да. Жыргап жүрө беришсин. Силерге эмне? Силердин акчаңарга жыргап жүрөбү. Ушу силердей көрө албас адамдардын айынан үй-бүлө бузулат. Тур ишиңерди кылгыла. Адамдын ичи кандай болсо, оозунан ошондой сөз чыгат. Ачуумду келтирдиңер. Тур!

Баары унчукпай калышты. Сыртка бултуюп чыгып кетишти. Акырын чоң энемдин жанына барып, "бешти бериңизчи" дедим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт