Неберелүү болгондон кийин келинимен кечирим сурап ыйладым
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Көздөрү. Колдору. Мурду. Баары меники. Чуркап барып шкафтан балачагымдагы сүрөттү таап чыктым. Мына сага, кудум өзүм. Мен кайрадан жашарып, кайрадан төрөлүпмүн. Ыйлап кирдими.
Келин алган күн дале эсимде. Бирде кубанып, бирде ыйлап, бирде бийлеп, айтор, бутум жерге тийбей чуркап жүрдүм. Уулум үйлөнөм дегенде эле бир башкача сүйүнгөм.
Келиним экөөбүздүн мамилебизди көрө албагандар чыкты. Анан ортобузга чок кое башташты. Ал чокко мен биринчи күйдүм. Ошондо келинимдин азаптуу күндөрү башталды.
Толгоосу башталды. Баары келинимди алып бейтапканага жөнөп кетишти. Мен үйдөн кийинип чыкканча, мени унутуп кетип калышыптыр. Ыза болгонумду айтпагыла. Ыйлап калып калдым.
Уулум чалды. Келиним мен жок көз жарбайм дептир. Мени ошол гана эстептир. Таксиге кандай түшкөнүмдү билбейм. Бир заматта, келинимдин колун кармап төрөтканада туруп калдым.
- Сиз жаман көргөн келиниңизден, ушундай таттуу бала төрөлдү, апа...
- Андай дебе балам, менден кетти, кечире алсаң болду... Мага эч нерсе кереги жок.
Неберелүү болгондон кийин келинимди канчалык жакшы көрөрүмдү түшүндүм. Неберемди жакшы көргөн, анын апасын кантип жаман көрөм. Аттиң, сокур экем. Аттиң, элди ойлогон экем. Аттиң, баарын артка кайтара алсам гана...
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди