Күйөөм "мага бала кереги жок" деп таштап кетти. Өзүмдү кантип алаксытсам болот?
Саламатсызбы! Мени күйөөм таштап кетти. Учурда эки айлык боюмда бар, күйөөм баланын мага кереги жок дейт. Кантип өзүмдү алаксытам?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Өзүңдү-өзүң алаксытуунун эң мыкты жолу – бул жакындарыңа, курбуларыңа кайрылуу. Жан дүйнөңүздө болуп жаткан нерселер менен бөлүшкүлө, айтып бергиле.
Өзүңүзгө көбүрөөк убакыт бөлүңүз, сейилдеңиз, позитивдүү кинолорду көрүңүз. Даамдуу тамак жасап жеңиз.
Жакшы адамдарды издеңиз, алар менен баарлашып, сүйлөшүп, позитивдүү энергия алганга аракет кылыңыз.
Жашоонун башка жактарын байкап, көрүүгө аракет кылыңыз. Ушуну менен бардыгы токтоп калбайт. Сизди алдыда көптөгөн бактылуу күндөр күтүп жатат. Ишенип коюңуз!
Ийгилик!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.