// //

Бул нерсени жасагандан кийин аялым экөөбүз балалуу болдук

2023.01.05, 14:50
13064

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет дагы бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Анализдериңерде эч кандай көйгөй жок. Баары жакшы, жок, баары сонун.

- Анан, эмне дейсиз? 

- Күткүлө. Кээ бир учурда медицина алсыз болуп калат.

- Күткүлө? Дагы канча?

- Муну так айталбайм, кечирсиңер, кийинки бейтап кирсин, убактыңар болуп калды.

Экөөбүз жетелешип чыктык. Унчукпай барып машинага отурдук. Унчукпай барып бир кафеден тамак жедик. Кайра базарга түштүк. Чынын айтканда, үйгө барбаштын айласын жасап ар жакты кыдырып жүрө бердик. Барганда эмне, апам урушуп тосуп алат.

- Эмне! Күткүлө дедиби? Эмне деген врач!

- Апа, баштабаңчы, ансыз дагы баш ооруп турат.

- Башың ооруса оорусун, качан балалуу болосуңар!

Апам келинчегимди жактырбаганын, мени урушканын койбоду. Тажап кеттим. Жумуштан келсең маанайы жок аялым тосуп алат. Апам дагы ыраазы эмес болуп, сүйлөнүп жүргөн болот. Башынан бери аялымдын жанын койбоду. Жакшы да, жаман да суранып көрдүм. Койбоду. Мээсин эле жей берет. Тажап кеттим. Тынч бактылуу жашагым келет.

Келинчегине тартып жатат дебегиле. Тарта тургандай эле жар. Сонун адам. Апама бир ашыкча сөз айтпай, жактырбаса дагы чайын сунуп турат. Анын бир катасы, апамдын курбусунун кызы эмес. Мага ошол кызды алып берем деген. Аны менен жолугуп көргөм. Бирок, дароо эле менин адамым эмес экенин түшүнгөм. Өмүр бою жактырбаган адам менен жашай албайт элем. Туурабы? 

Бөлүнөлү деп чечтим. Мен чечим кабыл алдым. Батир таап, кечинде жумуштан келип аялыма кийимдерди чогулт дедим. Апам аны жакшы көрөрүмдү айтып, бирок мындан ары минтип жашай албасымды түшүндүрдүм. Апам унчукпады, урушпады, жөн гана карап турду. Келинчегим кеткиси келбей турду. 

Келинчегим чыгып баратып, "апа, тамак ысып калды, ичип алыңыз" деди. Биринчи жолу апам макул деп, башын ийкеди. 

Мендей болуп бөлүнгүлө дебейм. Чогуу бактылуу жашап жаткан үй-бүлөлөргө суктанам. Аттиң, силердин ордуңарда болсом. Бирок, чоң киши катары өз  жашоомо жоопкерчилик алууну чечтим. 

Жумуштан келсем аялым ыйлап тосуп чыкты. Эмне болгонун сурадым. Коркуп кеттим. 

Баягы врачтын кабинети.

- Акыркы убакта жашооңордо бир нерсе өзгөрдү беле?

- Ооба, өз алдынча бөлүндүк.

- Аялдын боюна бүтпөгөнүнүн бир себеби стресс экенин билчү белеңер?

- Жок.

- Анда, куттуктайм, ата, апа болосуңар.

Аялым ыйлап жатты. Мен шок. Бул күндү канча күткөм. Бирок мындай болот деп ойлобогом.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт