// //

Балаңызга жаңы жылга бул белектерди берсеңиз, сизге ыраазы болот

2022.12.16, 12:20
1662

Салам, ата-эне! Жаңы жылга аз убакыт калды. Балаңыз сизден белек күтүп  жатат. Эмне берсем экен деп баш катырып жаткандардын катарында болсоңуз, бул кеңешибиздин кереги тиет. Балаңызга заманбап оюнчук берип, заманбап ата-эне болуңуз.

L.O.L КУУРЧАК

 

Бул куурчак ар бир бөбөктүн кыялы. Бекеринен 2017-жылы АКШда "Мыкты оюнчук" наамын жеңип алган эмес. Кичинекей шарлардын ичинде куурчактын өзү, кийими, аксессуарлары, жадакалса үй-жаныбарлары бекитилген. Балаңызга алып барып берссеңиз, сизди катуу кучактай. 

 

 

ХАГГИ ВАГГИ

2021-жылдын октябрында MOB Games студиясы Poppy Playtime коркунучтуу компьютердик оюнунун биринчи сериясы чыгарат. Оюнчук фабрикасынын кызматкери дайынсыз жоголгон кесиптештеринин эмне болгонун билүү үчүн фабрикага тымызын кирип барат. Ошол учурда аны кучактаганды жакшы көргөн Хагги Вагги деген оюнчук кууп жөнөйт. Хагги Вагги ошондон кийин дүйнөдөгү балдардын сүйүктүү оюнчугуна айланган. Сиз дагы балаңызга кучактаганды жакшы көргөн бул куурчакты алып берип кубантыңыз. 

"МАШИНА-ПЕРЕВЕРТЫШ"

Эгер балаңыз бала машина сураса,анда кеп бул оюнчук жөнүндө болушу мүмкүн. Азыр пульти менен башкарылган машина модада эмес. Бул юнчук ушундай трюктарды жасайт дейсиңиз, таңкалып балаңызга кошулуп ойнойсуз. Баса, бул машина дивандан түшүп кетсе да, эч нерсе болбойт.

 

 

СЮРПРИЗ ЖУМУРТКА

Ичинде бир кичинекей фигура эмес, бүтүндөй бир комплект бар: үй жаныбары (аны оодарсаңыз, жүрөктүн ичиндеги жасалгалар кыймылдайт). Мындан тышкары, алып кайра тагып койчу канаттар менен слайм да бар. Балаңызга шоколаддын ичиндеги кичинекей фигура таң калыштуу болбой калса, анда бул нерсе сөзсүз түрдө көңүлүн бурат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт