// //

Кызым менен сабак даярдагандан кийин аялыма болгон сыйым күчөдү

2022.12.09, 17:16
5735

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Ата, бул дагы бар.

- Дагыбы?

- Ооба.

- Мен азыр эшикке чыгып келейин, сен өзүң жасап тур.

- Мен түшүнгөн жокмун.

- Мен азыр келем.

Сыртка чыгып алып таза абадан терең дем алдым. Ары-бери бастым. Ыйлагым келип чыкты. Үчүнчү класстарга дагы ушундай кыйын тапшырма береби?

Аялым айылга туугандарына кеткен. Кызым менен бир жумага калгам. Бир жуманын беш күнү сабак даярдоо менен өтөт. Бул тозоктун тозогу экен. 

Мектепте өткөн бардык материалдарымды эстедим. Кызыма атасы үчкө окуганын айткым келбеди. Билем деп коюп, интернетти чукулайм. Ар дайым беш-төрткө окуган кызым, баягыда мен үчун үч алып келди. Ыйлады. Алаксытып пицца алып бердим. Аялым билсе экөөбүз тең аман калбайбыз.

Жумуштан келсем аялым экөө тапшырма жасап отурган болот. Сырттан караган адамга жеңил көрүнөт деген чын экен. Аялым "чарчадым, мээм ооруп чыкты" десе, "жаш баланын тапшырмасын чыгара албайсыңбы" деп күлөт элем. Мына, минтип өз башыма түштү.

- Ата точно тууурабы?

- Туура эле, мага ишенбейсиңби?

- Жок ишенбейм, баягыда үч алдым го...

- Туура кызым, мына беш аласың.

Чын эле беш алып келди. Кызыма кошулуп мен сүйүндүм. Мээм иштейт экен дедим (күлүп). Бирок күндөлүгүндөгү тиги үч баарын бузуп жатат да.

Аялыма болгон сыйым өстү. Чын. Бала менен отуруу, аны менне бирге тапшырма даярдоо тозок экен. Бекеринен нервденип бакырбайт туура. 

Кечинде аялым келди. Айылдан толтура нерселерди алып келиптир. Чогуу тамактанып отуруп ага бир идея айттым.

- Кел, кезектешип тапшырма даярдайлы?

- Сага эмне болгон? 

- Үч алып калдым. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт