Аутикалык балага кантип жардам берүү керек?

“Аутизм” (грек сөзу “сам”)- байланышуунун бузулуу түрү, өз жан дүйнөсүнүн оор кыйынчылыктарын баштан өткөрүү. Мындай аныктама психологиялык сөздүктө берилген. Терминди биринчилерден болуп швейцар психиатору жана психолог Э. Блейлер киргизген. Бул термин бүтүндөй психикалык жактан болгон жөндөмдүүлүктүн бузулуусу тууралуу комплексти камтыйт.

Аутизмдин эң көп байкалган белгилерин 3 топко бөлүп карашат: сүйлөшүү жана байланышуу, социалдык жактан өз ара аракеттешүү, эмоционалдык чөйрө.

Жалпы чөйрөнүн психикалык жабыркоосуна карабастан , аутизм ар кандай түрдө байкалат, О.C.Никольский , Е.Р. Баянский, М.М. Либлингтин “Аутикалык бала: колдоо жолдору”(М.,1997) китебинде балдарынын оору белгилерине карап түрдүү мисалдарды келтирилген. Англиялык изилдөөчү доктор Л.Винг мындай балдардын социалдык байланышка кошулуу мүмкүнчүлүгүнө карата “ жалгыз”(мамилеге киришпеген) “пассивдүү” жана “активдүү” түрүнө бөлгөн. Анын оюу боюнча социалдык жактан колдоо пассивдүү группасындагы балдарга эң ылайыктуу болгон. Аутикалык балдардын коом менен өз ара аракеттешүүсү жана андан коргонуу максатынына ылайык аутиканын негизги 4 формасын сунушташат.

  1. Болуп жаткан окуядан толугу менен аша кечүү. Бул топтогу балдардын жаш кезинде эң жогорку денгээлдеги ыңгайсыздык жана активдүүлүгүнүн бузулуусу байкалат. Алар тышкы чөйрө менен мамиле түзүүгө толугу менен каршы болушат. Мындай балдар эч кимге жардам сурап кайрылышпайт. Алар сүйлөшпөйт, мимика жандоо түрлөрүн колдонушпайт. Айланадагы болуп жаткан окуядан чоң аша кечүүчүлүк абалын билдирүүчү эң олуттуу аутизм формасы.
  2. Жигердүү катардан чыгуу. Бул топтогу балдар жигердүүлүк жана жараланган абалда, көбүнчө айлана-чөйрө менен байланышта болушат. Бирок алар чоң коомдо болуудан баш тартышат. Мындай балдарга милдеттүү түрдө өтө каттуу көңүл бурулуусу зарыл. Аларды өнөкөт болуп калган жагдай курчап турушу мүмкүн. Абалдары качан алар сырткы чөйрөгө чыгып, жаңы адамдар менен кеп салышып , мамиле курганда байкалат. Аларда көптөгөн кыймылга келүү стереотиптери байкалат. Бул топтогу балдарда сөз сүйлөө жөндөмү болот жана сөз байлыгы өркүндөйт.
  1. Аутистикалык кызыкчылыктын басып алуусу. Бул топтогу балдар урушчактыгы менен башка бирөөнүн кызыкчылыгын эске албагандыгы менен ошондой эле бир гана кесип менен алектенүүсү менен айырмаланышат. Булар аябай сөзмөр балдар, алар көптөгөн сөз байлыгына ээ. Бирок алар китептеги татаал сүйлөмдөр менен сүйлөшөт, алардын сөздөрү табигый эмес. Жөндөмдүүлүгүнө карабастан, алардын ой-жүгүртүүсү бузулган. Алар үчүн бир учурда көп тараптуу, маанилүү болуп жаткан окуяны кабыл алууcу абдан татаал.
  1. Байланышуу жана өз-ара аракеттешүүнү уюштуруу эң татаал. Бул топтогу балдардын борбордук маселеси болуп-башка элдер менен өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жетишпестиги саналат. Бул балдар үчүн өздөштүрүүгө эң татаал болуп эсептелген кыймыл-аракет кылуу жана алардын сүйлөө сөзү жарды. Алар жөнөкөй социалдык учурларда өздөрүн жоготуп коюшат. Бул аутизмдин эң эле жеңил варианты.

Статистика боюнча миңдин ичинен бир гана балада аутизмдин олуттуу түрү кездешет. Күнүмдүк тажрыйбада бала бакчада , мектепте аутистикалык белгилерге ээ болгон балдар менен кездешебиз.

Кыздарга караганда балдардын арасында аутизм 4-5 эсеге көп кездешет. Аутизмдин пайда болуу себеби азыркы учурга чейин аягына чейин толук изилденип бүтө элек. Автордун айтуусу боюнча анын себептерине: иче-карындын иштөөсүнүн бузулушу жана жаш кезинен арыктоого алып келген оорулар кирет. Аутизм балдарда көп учурда баш мээсинин иштебөөсүнөн жана биохимиялык алмашуунун бузулушунан байкалат. Аутизм көп учурда психикалык жактан жабыркоо оорулары менен айкалышат. http://autism.kg/?page_id=438 

 

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт