Жаш кезинде ийгиликти багынткан кыйындар
Салам, достор! Бүгүн биз силерге кичинесинде ийгиликти багынтып, миллиондоп акча тапкан кыйындар тууралуу айтып беребиз. Балким, айрымдары сизге тааныш. Лайк басканды унутпаңыз.
Дэниел Рэдклифф
Дэниел 12 жашында "Гарри Поттер жана философиялык таш" тасмасына тартылгандан кийин жашоосу түп-тамырынан бери өзгөрөт. Бул ролу үчүн 150 миң фунт стерлинг гана албастан, дүйнөлүк деңгээлдеги атакка ээ болгон.
Эшли Коллз
15 жашында кыздар үчүн Whateverlife.com сайтын ачкан. Учурда сайтка киргендердин саны дүйнөдөгү эң ири тематикалык порталдардан, анын ичинде ири журналдардан бир нече эсе көп. Ал жылына миллион доллардан көп табат.
Марк Цукерберг
Америкалык интернет-ишкер жана программист. Дүйнөдөгү эң жаш долларлык миллиардер. Ал 20 жашында Facebook социалдык баракчасын негиздеген. Анын жылдык кирешесин, айтпасак деле белгилүү.
Саид Самаил Хассан
Dota-2 онлайн оюнунун пакистандык оюнчусу. Ал биринчи миллионун 16 жашында тапкан. Аны менен Дота дүйнөсүндөгү эң жаш миллионер атына ээ болгон.
А сиз канча жаштан баштап акча таба баштагансыз?