// //

Кызымдын өгөй апасына айткан сөзү көз жашымды агызды

2022.10.29, 15:16
23345

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жети жылдан кийин жүрөгүмдү башка бирөөгө ачтым. Биринчи аялымды, ал каза болгон күндү унуткан жокмун. Жүрөгүмдүн түпкүрүнө, эч ким көрбөгөн, эч ким булгабаган жерине сактап койдум. Ал менин алгачкы сүйүүм. Мага күйөө, ата болуу сезимин тартуулаган, таттуу даамын таттырган аял. Аттиң, экөөбүзгө чогуу карып, неберелербизди эркелетүү буйрубаптыр. 

Кызым апасына окшош. Бирок, апасы эсинде жок. Сүрөттөрдөн гана тааныйт. Чоң энесине, таенесине эркелеп жүрө берет. Мен кызым бактылуу деп ойлогом. Адашыпмын. "Алар чын эле күлүштү да, менин апам жок да." Көчөдөн кыздар ылай сууга түртүп жиберишиптир. Эмнеге аларга жооп кайтарбаганын сурасам, ушинтип жооп берди. Ушундай ыза болдум. Мени жалгыз бой ата же эне гана түшүнөт.

Жумушта башымды жерге салып отургам. Жаңы практикант кызды мага дайындап коюшуптур. "Саламатсызбы!" деп бирөө кирип келди. Башымды көтөрбөстөн учурашып коюп отура бердим. "Сиз менен жетекчим болот экенсиз" деди. Уфф... Башымды көтөрсөм сулуу айым күлүп карап туруптур. 

Үйлөнөрдөн мурун кызыман уруксат сурадым. Кызым унчуккан жок.

- Кызым, анда үйлөнбөй эле коеюн э?

- Үйлөнө бер. 

Сыртка чуркап чыгып кетти. 

Күн сайын үйгө шашып келем. Кызыма кабатырмын. Жашырбайм, келинчегим экөө тил табыша албай жатабы деп ойлойм. Келер замат кызыман баары жакшыбы сурайм. Ооба десе, өзүмө келе түшөм.

Бул ирет дагы эрте келдим. Кызым менен аялым клубника тазалап отурушуптур. Кыязы, варенье жасашат го. Экөө чоң кишилердей сүйлөшүп алган.

- Ошондо, сиз менин апамсызбы? А сүрөттөгүчү? Ал башкача го?

- Ал дагы сенин апаң. Ал сонун аял, анткени сендей "принцессаны" төрөдү. 

- Ал мени таштап кеткен.

- Жок, ал сени таштаган эмес. Кантип сени таштамак эле. Болгону, кээде жакшы адамдар эрте кетиш керек болуп калат. 

- Ошондо менин эки апам барбы?

- Ооба, башкалардын бир, а сенин эки апаң бар. Анткени, сен аябай жакшы кызсың. 

Кызым тура калып келинчегимди катуу кучактады. Аларга кошулуп мен ыйладым. Байкатпай үйгө кирдим. Ушундай өзүмдү жеңил сездим. Тагдыр мага экинчи ирет бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүн берди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт