// //

Гинекологдон сурагандан уялган 7 суроого жооп

2022.10.11, 17:10
14947
Сексуалдык ден соолук жөнүндө билгиси келген, бирок гинекологдон сурагандан уялган айымдар үчүн пайдалуу маалымат.

Эмне себептен жыныс мүчөдөн жел чыгат?

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог
Төрөттөн же кандайдыр бир жаракаттан улам, жыныс кыны кеңейип кетсе, жыныс мүчөдөн жел чыгат. Бул оору эмес, болгону жыныстык катнаш учурунда ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Ал үчүн гинекологго барып анализ тапшырып, канчалык кеңейип кеткендигин аныктап, сезгенүү бар болсо дарылап, гимнастика кылуу керек. 

Эрозия болсо бойго бүтпөйбү?

Раушан Джумагулова, акушер-гинеколог

Эрозия тукумсуздуктун себеби болушу мүмкүн эмес.  Жатын моюнунун жарасы (эрозия шейки матки) -  көпчүлүк учурда кандайдыр бир травма алгандан кийин пайда болгон жаракат. Эрозия –  бул бир типтеги клеткалардын башка түрүнө алмашышы. Анын пайда болуу себептери:

  • Тукум кууйт;
  • Механикалык же химиялык жаракат алуудан улам;
  • Гормоналдык фондун өзгөрүшүнөн улам;
  • Инфекция киргенден улам пайдо болот.

Эрозияны өз алдынча аныктоо өтө оор. Суюктук бөлүнүп чыгат, жыныстык катнаштан кийин кан аралаш суюктук бөлүнөт. Ичтин ылдый жагы билинер-билинбес тартып оорутат. Бирок, адатта, эрозия эч белгисиз болуп, гинекологго көрүнгөн учурда гана аныкталат. Ошондуктан жок дегенде жылына 1 жолу профилактикалык кароодон өтүп туруу зарыл.

Жыныс кыны эмне себептен кургап кетет?

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог

Негизи жыныс кыны климакстын алдында кургап баштайт. Себептери абдан көп:

  • Энелик безин алдырган болсо
  • Эндометриоз
  • Жыныстык жол аркылуу жукчу инфекциялар
  • Вагинит
  • Герпес
  • Начар иммунитет
  • Стресс, депрессия
  • Туура эмес тамактануу
  • Гормоналдык бузулуу
  • Ар дайым чарчаңкы абалда жүрүү ж.б.

Менструалдык цикл эмнеден улам бузулушу мүмкүн?

Бактыгүл Абдраманова, гинеколог

Менструалдык циклдын бузулуусу "гиперэстрогенемиянын" эсебинен болушу мүмкүн. Ошондой эле "жумурткалардын поликистозу" деген нерсе да бар. Бейтапты көрүп текшермейин бир нерсе деп айтууга болбойт.

Спираль салдырса да бойго бүтүп калабы?

Раушан Джумагулова, акушер-гинеколог

Жатындын ичине салынуучу спираль бойго бүтүп калуудан 100% сактайт деп кепилдик берүүгө болбойт. Башкача айтканда, туура эмес орнотулса же ордунан жылып калса бойго бүтүп калышы мүмкүн. Этек кир кечигип жатса (спираль болгон күндө да) тест алып текшерип көрүү керек. Андан тышкары УЗИге түшүп, кандын ХГЧ анализин тапшыруу сунушталат.

Эгер бойго бүтүп калганы тастыкталса, айым төрөйм деп чечсе, спираль алынбайт. Себеби кан кетүү (кровотечение), анын натыйжасында бойдон түшүп калуу коркунучу жогору. Спиралы менен бойго бүтүп калганда, кош бойлуулук кадимкидей эле өтө берет, болгону бойдон түшүү коркунучу 2-3 эсе жогорулайт.

Кыздык белгиден канча өлчөмдө кан чыгышы керек?

Бактыгүл Абдраманова, гинеколог

Кыздык белгиде мынча өлчөмдө кан бөлүнүп чыгыш керек деп эч бир жерде жазылган эмес, белгилүү бир нормасы жок. Ар бир айымда ар кандай өлчөмдө бөлүнүп чыгат. Айта кетейин, айрым кыздардын кыздык белгиси айрылганда кан чыкпай да калат.

Эки буттун ортосунан кумарга батса бойго бүтпөйбү?

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог

Бул кошулуу ыкмасын "петинг" деп коёт. Петтинг - эрогендик зона аркылуу кумарлануу, өбүшүү, кучакташуу, сыйпалоо аркылуу жүрөт. Бул учур маструбация менен жыныстык кошулуунун ортосунда болуучу нерсе. Петинг учурунда кыз кош бойлуу болуп калышы мүмкүн. Эгер петинг маалында сактануу каражаттарын колдонбосо, инфекция жугуу коркунучу бар. 

Урологдон сурагандан уялган 7 суроого жооп

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт