Патриоттуулук дегенди адамдар кандай түшүнөт?

2022.09.30, 20:18
618

Патриоттуулук дегенди адамдар кандай түшүнөт? Мекенди кантип
барктап-баалаш керек? Көпчүлүк, мамлекетти кандай гана кырдаал
болбосун сүйүш керек деп ойлошот. Ал эми айрым учурда бул сөздүн
мааниси бурмаланат. Маселен 10 жыл мурун Орусияда өздөрүн
«патриот» атаган кыргыз балдары кыргыз кыздарына кол салып,
басынтып, сабап салышкан. Бул мекенчилдикке жатабы ? Бүгүн биз
ушул сыяктуу окуяларды салыштырып, чыныгы патриоттуулук
менен жалган патриот болуунун айырмасын талдайбыз.

Ушул жылдын 10-августунда Орусиялык RT каналынын башкы редактору
Маргарита Симонян өзүнүн твиттер баракчасына мындай деп жазган:


«Крым боюнча. Бир жөнөкөй эреже бар. Мен аны 25-февралда өзүм үчүн
кабыл алдым.
Кандай болсо да, эмне болбосун, сенин милдетиң – мамлекетиңди,
элиңди, армияңды колдоо.
Балким кетпей, бул жакта башкалар менен бирге калуу жашоодогу эң
негизги чечимиң болгондур. Кырдаалга жараша эмес, мындан башкача
болмок эмес дегениң үчүн!.
Ошол үчүн колдо. Күн сайын. Сөзүң жана ишиң менен.
Ыйлаба. Чырылдаба. Сындаба. Колдо!
Сенин армияң согушуп жатат. Бул татаал жана коркунучтуу жолго
майда таштарды ыргытпа.
Колдо!
Жеңгенден кийин сындайбыз».

Орусия башка өлкөнүн аймагына кол салды, бирок буга карабастан
бийликти колдоого чакырууну көпчүлүк патриоттуулук катары баалап
жатышат. Анткен менен бул «калп эле патриот болуу» дегенге көбүрөөк
окшош. “Куру патриоттуулук-башкаларга көрүнүү аракети, ызы-чуу салуу,
катуу билдирүүлөрү менен өз мамлекетинин терс жактарын таанууга,
сындоого ошондой эле алар менен күрөшүүгө мүмкүндүк берген чыныгы
патриотизмге каршы келет.

«Куру патриот» болуунун чыныгы максаты эмнеде?

Кремлдин көпчүлүк үгүттөөчүлөрү – биз айтып жаткан калп патриоттордун
катарын толуктайт. Алар сөзү менен Батышты жек көрүшөт, бирок Батыштын
экономикасына гана инвестиция салып жатышат. Мисалы, Украина менен
Батышты жамандаган «калп патриоттордун» же алардын жакындарынын

Россиядан тышкары жакта, тактап айтканда Европада кымбат баалуу
кыймылсыз мүлктөрү, бизнестери бар экени туурасында көптөгөн маалыматтар
чыгат.

Калп популисттик ураандар - мамлекеттик пропаганданын куралы болуп
саналат. Алар элди бийликте отурган жогорку кызматтагыларды урушпоого,
алардын ар кандай аракеттерин колдоого алууга чакырышат. Бирок мунун
мекенге болгон сүйүү менен эч кандай байланышы жок экенин түшүнүшүбүз
керек. Бийликтин бардык аракеттерин колдоого алуу, барып-барып өлкөнүн
өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип, алтургай аны таптакыр жок кылып коюшу
мүмкүн. Бийликтин мамлекетке, элге зыян келтире турган чечимдерди кабыл
алып жатканын айта турганга үн керек.

Идеалдуу саясий атаандаштык кандай болот?

Демократиялык, өзгөчө парламенттик өлкөлөрдө саясий атаандаштык бар, анда
саясатчылар, партиялар шайлоочулардын добушу үчүн күрөшөт.
Кыргызстанда шайлоодогу добуштар эч нерсени чечпейт деген жаңылыш
түшүнүк бар. Андай болсо саясий партиялар, талапкерлер шайлоо учурунда
үгүт иштерине, добуштарды сатып алууга чоң суммадагы акча коротушмак
эмес. Ал эми шайлоочуларга бул майдай жагат. Анткени кайсы бир партия же
талапкер канчалык элдин көйгөйүн чечкенге үлгүрсө, кийинки шайлоодо
ошончолук көп добуш ала алат. Мындан тышкары парламенттеги же
оппозициядагы опоненттер бири-биринин катасын тыкыр көзөмөлдөп,
коомчулука ачыктап турушат. Мына ушуну идеалдуу саясий атаандаштык деп
айтууга болот.

Кыргызстандагы жарандык коомдун артыкчылыгы

Кыргызстанда Борбордук Азия жана постсоветтик мейкиндиктеги
өлкөлөр арасындагы эң күчтүү жарандык коом бар. Ал негизинен
бийликке саясий каршылык көрсөтүү функциясын аткарып келет. Бул
үчүн көпчүлүк учурда коммерциялык эмес уюмдарга башка
мамлекеттерге иштейт же патриот эмес деген куру айыптоолорду коюп
келишет. Бирок, чынында жарандык сектор жарандардын укугун
тебелеп, өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтире турган чечимдерди
көзөмөлдөйт. Өзүңдүн кишиң болгону үчүн эле колдоого алып, бийликке
сын айтпай, эл дагы унчукпай койсо жогорку кызматтагылар өлкөнү
башкара албай, натыйжасыз чечимдерди кабыл алышы толук мүмкүн.
Экинчи жагынан алып караганда сындын жоктугу бийликтин өзүнө зыян
келтирет. Анткени сын – бул коомдун көйгөйү. Элдин талабын билбей
туруп чечим кабыл алуу менен бийлик жарандардын ишеничинен кетет.
Коомдо нааразычылык топтолуп, натыйжада социалдык жарылууга алып
келиши ыктымал. Башкача айтканда, көйгөйлөрдү айтуу өлкөгө каршы иштөө дегенди билдирбейт, бул чечиле турган маселелерге көңүл
бурдурууну болуп эсептелет.

Жыйынтык:
«Мекенчилдик» - бул өлкө башчысын тоталитардык режимге карабай
жактыруу эмес, тескерисинче патриот деген өлкөнү, анда жашаган элди
сүйүү, мамлекеттин өнүгүшүнө тилектеш болуу! Бийлик чыгарган туура
эмес чечимдерге каршы чыккандар дагы чыныгы мекенчил болушат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт