// //

Аялым үч күн мени унутуп койгондон кийин өзгөрдүм

2022.09.26, 12:07
16677

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Кантип жетип барганымды билбейм. Телевизор көрүп чалкалап жаткам. Кошунанын баласы келди. 

- Эмне?

- ...

- Кайсы бейтапкана экен?

Кызым бешикте уктап жаткан. Аны көтөрүп алып чуркадым.

Дарыгер бир нерселерди айтып жатты. Колумда кызым ыйлап жатат. Мээме эч нерсе киргнен жок. Машина сүзүп кетиптир. Мага сумкасын беришти. Алтыным ай, картошкасынын баары кан.

- Мен кайдамын?

- Баары жакшы. Эч жериң ооруган жокпу?

- Сен кимсиң? Апа бул ким?

Нес болуп туруп калдым. 

Дарыгер башынан катуу сокку алганын айтты. Азыр баарын эстей албайт деди. Мени ушинтип эле унутуп калабы?

Унутчудай эле күйөө болчум. Ар бир кылган жоруктарымды эстедим. Ыйлап жаткан бала менен таштап жумушка кетип калганымчы. Жардам сураса кагып-силкип койгонумчу. Акыркы күндөрү жылуу сөз айтпай калганымчы. Сүйлөшкөндүн ордуна телефон чукулап жатканымчы. 

Мени сүйүүсү жок караган көздөрүн унутпайм. Мурда мени башкача карачу. Сүйбөй калса ушинтип карап калабы? 

Кайын энем баары жакшы болот деп жатты. Мен өрттөнүп бараттым. Эстесе, баарын башынан баштайм дедим.

Экинчи күн өзүнө жолотпой койду. Атайын тамак жасап келгем. Дагы эле тааныбай койду. 

Кызымды уктаттым. Жалгыз төшөктө жаттым. Жаман экен.

- Кызым кандай? Коркутуп койдум го, э? 

Кучактап ыйлап жаттым. Эстеди. Мени эстеди. Кылган жоруктарымды эстеди. Алтыным, үч күндө мени өзгөрттүң. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт