Америкадан кантип жумуш тапса болот? 5 керектүү сайт
2022.08.29, 12:01
2431
Салам достор! Бүгүн бизде сонун маалымат. Америкадан кантип жумуш тапса болот дегендерге жооп таптык. Алар үчүн алдыда пайдалуу 5 сайтты жазып чыктык. Сактап алыңыз, балким жумушка чакырып калышат.
Flex Jobs
Алгач эле аралыктан жумуш издеп жаткандар үчүн пайдалуу болгон сайт менен бөлүшөлү. Flex Jobs сайтына кирип, өзүңүзгө ылайыктуу онлайн жумуш издесеңиз болот.
Тил жагынан бир аз кыйналсаңыз, кабатыр болбоңуз. Орус тилдүү бул сайтка кирип, Америкадан жумуш таба аласыз.
Indeed
Америкадагы ар кайсы тармактагы бош вакансиялар жайгаштырылган, эң чоң платформа. Өзүңүзгө ылайыктуу жумуш сөзсүз табылат.
LinkedIn
Жумуш табардан мурун байланыш түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өзүңдү таанытуу керек. Бул социалдык тармак, дал ушуга арналган.
ZipRecruiter
Элестетиңиз, сайтта 9 000 000 бош жумуш орундары бар. Бул ушул маштабы менен айырмаланып турат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.