// //

Абысыным менен кайын энемдин сүйүктүү көйнөгүн күйгүзгөн күн эстен кетпейт

2022.08.22, 18:13
3171

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

- Суу, жеңе, суу бериңиз!

- Терезени ач!

- Үтүктү өчүрдүңбү?

- Азыр.

- Апам келди окшойт!

- Көйнөктү бекит!

Экөөбүз эки жакта чуркап жүрөбүз. Бөлмө түтүн. Көздөрүбүз тостойгон. Чачтарыбыз апсайган. Баары Тик-Токтун айынан. Жеңем үтүктөп жатса, жанына барып видео көрсөтө коем деп балээге калдык.

Кайын энем базардан алып келген продукттарын тизип, кыңылдап ырдап ашканада жүрөт. Бир маалда бөлмөсүнө бет алды. Жеңем "алаксытып тур",- деп, мени түртүп чыгарып койду.

- Апа?

- Оу.

- Неме, неме, сизге бир нерсе айтайын дегем.

- Айт, айта бер.

- Жүрсөңүз бул жакка, кенен отуруп сүйлөшөлү.

Залга алып кирип баратып артымды карасам, жеңем бөлмөнүн түтүнүн жоолугу менен сыртка айдап жатыптыр.

Эмне дешти билбейм. Кайын энем мени күтүп отурат. Айла жок күйөөмдү ортого салдым.

- Апа, Айдар мени жакшы көрбөй калды окшойт.

- Ыя ботом! Эмне дейт?

- Мага эч эле көңүл бурбай калды. Телефонунан чыкпайт.

- Көрсөтөм мен ага! Азыр жумушундабы? 

- Ооба.

- Сен кызым капа болбо, азыр барып келем.

Байкуш күйөөм жөн жерден күнөөлүү болду. Айла жок. Кайын энем сыртка чыгып кетери менен, жеңем экөөбүз базарга чуркадык. Кайын энем кийим алган ряддарды кыдыра баштадык. Таптык. Кудум биз күйгүзгөндөй көйнөк. Этикеткасын алып, билгизбей шкафына салып койдук.

Бул арада күйөөмө чалып, болгон окуяны айтып бердим. Боору эзилип “макул” деген боюнча калды.

Эртеси кайын энем тиги көйнөгүн алып чыгып, таштандыга көтөрүп жөнөдү.

- Апа, эмнеге ал көйнөгүңүздү ыргытып жатасыз.

- Мурда эле ыргытмакмын, унутуп калыпмын. Тиги урушуп кеткен курбумдун белеги. Үтүктөп күйгүзүп коюн дедим эле, колум тийбейт. Ыргытып салайынчы, көргөн сайын кыжырым келип жатат. 

Жеңем экөөбүз сыртка чыгып алып каткырдык.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт