// //

Кош бойлуунун кан басымын көтөргөн оору тууралуу маалымат

2022.08.19, 13:23
1473

Преэклампсия эклампсиядан эмнеси менен айырмалана турганын №2 Үй-бүлөлук медицина борборунун адиси, гинеколог Айсалкын Джунушалиева айтып берди.

Врачтын айтканына караганда Преэклампсия менен эклампсия кош бойлуулуктун 20 жумасында, төрөт учурунда же андан кийин пайда болушу мүмкүн.

Преэклампсия

Преэклампсия – бул кан басымдын 140/90дон жогору көтөрүлүшү. Оор стадиясына жеткенде заарага белок бөлүнө баштайт.

Андан тышкары төмөнкү белгилери болот:

  • баш ооруйт, айланат;
  • көздүн көрүүсү начарлайт, майда чыбырчыктайт
  • жүрөк айланып, кусат;
  • ашказан тарабы ооруйт
  • жүрөк тарабы ооруйт
  • анализинде өзгөрүүлөр пайда болот.

Мындай белгилер байкалганда, ичтеги түйүлдүк да кыйналат.

Эклампсия

Эклампсиянын да белгилери куду эле ушундай. Андан тышкары тарамыштын түйүлүүсү кошулат. Жалпы (бүт дене) же жергиликтүү (кол, бут).

Эклампсия  - бул тарамыштын түйүлүшү. Ал преэклампсиянын фонунда, баш мээнин кан басымынын жогорулап жана мээ шишип кеткендиктен борбордук нерв системасынын жабыркагандан улам өрчүйт. Мындай акыбалда тарамыштын түйүлүшүнө кандай болбосун кыжырдануу себеп болушу мүмкүн: жарыктын чайыттай тийиши, катуу добуштар, ызы-чуу, бир жери ооруу.

Себептери

Себептери өтө көп. Кош бойлуулукка чейин экстрагениталдык оорулар (ички органдардын оорусу) менен жабыркаган айымдардын бардыгы, преэклампсия оорусуна дуушар болушу мүмкүн. Бул:

  • бөйрөк оорулары;
  • боор оорулары;
  • неврологиялык оорулар;
  • эндокриндик системасынын оорулары.

Ошондой эле 18 жашка чейинки кош бойлуулар, салмагы ашыкча айымдар, көп ирет төрөгөндөр жана биринчи жолу төрөп жаткандарда коркунуч жогору.

Преэклампсиянын кесепеттери

Дарыгерлер преэклампсиянын өрчүп кетишинен абдан коркушат. Себеби анын кесепети түйүлдүктүн ичтен чарчап калышына алып келет.

Эгер оор формасы өрчүй баштаса, дароо тез жардам чакыруу зарыл. Алар кош бойлуунун кан тамырына магнийдин сульфатын кошуп, тилдин алдына гипотензивдик препарат салышат (бул топтогу препараттар баш мээге таасир этип, кан басымды төмөндөтөт). Ооруну дарылоо мүмкүн эмес болсо, кесарево аркылуу төрөтүүгө туура келет.

Аял үчүн коркунуч туудурганы преэклампсия оорусу кандай формада өтпөсүн (жеңил же оор) деңгээлине карабастан эклампсияга айланат. Бейтаптардын 30%да эклампсия эч бир белгилери жок туруп өнүгөт. Анын башкы айырмасы, аялдын тарамыштары түйүлөт. Натыйжасында инсульт кармап, келин комага түшүп калышы мүмкүн.

Кыргызстандагы абал

Айсалкын Джунушалиеванын айтканына караганда, преэклампсиядан жабыркаган келиндердин саны жыл сайын өсүп жатат.

“Мындан эки-үч жыл мурун биздин поликлиникага преэклампсиясы менен айына 1-2 эле келин катталчу. Ал эми азыр көбөйүп кетти. Мисалы өткөн жылы бир айда 17 аялды каттоого алганбыз.

Бул биринчиден кош бойлуу аялдардын жоопкерчиликсиздигине байланыштуу. Көбү өз маалында келип көрүнүп, анализ тапшырышпайт.

Экинчи себеби, поликлиникадагы гинекологдордун жумушу өтө көп. Алар ар бир бейтапка убакыт бөлүп, сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жетишишпейт.

Мисалы нормага ылайык ар бир гинеколог 50-55 аялды көзөмөлүнө алыш керек. Бирок иш жүзүндө ар бир гинекологго 100-150, айрым учурларда 200 кош бойлуу караштуу болот. Мунун айынан корсөтүлгөн медициналык тейлөөнүн сапаты жабыркап жатат.”

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт