// //

Убагында далай кордук көрсөткөн кайын энем өлөрүн билип муну жасады

2022.08.18, 17:21
18037

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Анын эмнесин айтасыңар! Кайын энемди көргөндө баарыбыз титиреп турчубуз. Келиндери менен күйөө балдарын бери кой, өзүнүн балдары апасынан коркушчу. Баарын тизип ордуна коюп койчу. “Ай, кайда жүрөсүң?” дегенде, жеп жаткан тамагыбызды таштап чуркайт элек.

Небере, атүгүл, чөбөрө көрүп калган.

Кайын атам эрте каза болуп калганына байланыштуу, жети баласын жалгыз багып чоңойткон. Бирок, мүнөзү чорт эле. Айтайын дегеним, убагында келиндерине далай кордукту көрсөттү. Мен биринчи келинимин, кыялына көбүрөөк чыдаганым үчүн мага медаль берсе болчудай. 

Өзүн тыкан, таза алып жүрчү. Жашы сексенден ашып калганына карабай саркеч кийимдерди кийип, чач, тырмактарын боеп алчу. Жаш туруп, мына мен, буту сынган ийнеликтей болуп така менен баса албайм. А кайын энем басмак түгүл чуркачу.

Балдары апасынын сөзүнөн чыкпайт. “Апа, эмне кылайын?” деп айткандарын аткарышып, көзүнүн агы менен тең айланышат. 

Акыркы күндөрү арыктап кетти. Тамакка табити жоголуп, өзү дагы кичинекей кемпир эле, такыр эле болбой калды. Бейтапканага жаткырганы шаарга алып келгенбиз. Тамак жасап алып, күн сайын кабар алганы барып жаттым. Бир күнү “жакшы болуп калдым, эми үйүмө барсам эле сакайып кетчүдөймүн” деди. Макул деп айылга алып жөнөдүк.

Бир жума болбой жатып, кайын иним чалып, “апам баарыңарды конокко чакырып жатат” деди. Кой сойдуруп, жети баласын тең чогултуптур. Небере, чөбөрөлөрү менен бытырап эле жатып калдык. Ар бирибизге жиликтерди бөлүштүрүп, ары-бери басып, үйдү өзү тейлеп жүргөн. "А, апабыз чын эле сакайып калыптыр" деп сүйүнгөнбүз. 

Бир маалда “Эч кимиңер менден капа эмессиңерби?”-деп сурады. “Жок, апа”, “ой эмнеге капа болмок элек”, “сизди жакшы көрөбүз”, “ал эмне дегениңиз”, уул-келиндери чурулдап эле жатып калдык. “Силерге ыраазымын. Баарыңарга рахмат. Менден кеткен болсо кечирим сурайм.” Батасын берип, үйүбүзгө узатты.

Шаарга жеткени аз калганда кайын иним чалды: “Апам үзүлүп кетти!”

Таң атканда, чымчыктар сайрап жатканда, жылуу төшөктө жатып, эч кыйналбастан жан бериптир.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт