// //

Бажам мага канын берем деп айылдан шаарга чейин жылаңаяк келиптир

2020.07.14, 14:46
12988

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Туптуура бир ай бейтапканада жаттым"

Түн. Жакшы эле айдап бараткам. Кайдан-жайдан торпок чыга калды. Дароо рулду бурдум. “Тарс!”. Эмне болуп кеткенин өзүм да түшүнбөй калдым. Көзүмдү ачсам ак халатчандар тамырыма укол сайып жатышыптыр. Кайра эсимди жоготтум.

“Тезинен кан керек!” Дарыгерлер чуркап жүрөт. Ушинтип эле өлүп каламбы? Оюма дароо банктагы кредитим келди. Балдарым кичинекей, аялым үйдө, байкуштарым кантип төлөйт. Кайра эсимди жоготтум.

“Айланайын, Бакы!” Келинчегимдин үнүбү? Оозумду кыбыратканга дарманым келбеди. Көзүмдү ачтым. Жанымда ыйлап отурат. Кайра эсимди жоготтум.

Башымдын ооруганынан ойгондум. Таң атып калыптыр. Венама кан куюп жатышыптыр. Медайым келип акыбалымды сурады. Башымдын ооруп жатканын айттым. “Чыдаңыз” деди. Эми менде андан башка арга барбы.

Туптуура бир ай бейтапканада жаттым. Дарыгерим бүгүн үйгө чыгарымды айтканда аябай сүйүндүм. Төрт дубалдан тажадым, балдарымды сагындым. Келинчегим менен ата-энем келип алып кетишти. Үйгө барсам кой союлуп калыптыр. Бардык туугандар дасторконго отуруп бата кылдык. Шаар четинде жашаган шыпылдаган бажам көрүнбөйт го.

Коноктор таркашты. Аялыман бажамдын эмне үчүн келбегенин сурадым. Экөөбүз аябай жакынбыз. Боорду эзип сүйлөгөн сонун адам.

- Анын буту “заражение” болуп кетиптир. Азыр баса албай үйүндө жатат.

- Эмне?

- Сага кан таппай аябай кыйналдым. Туугандарга чалсам көбү алган жок. Түн болгондуктан уктап жатышканы анык. Меники дагы туура келбейт экен. Ыйлап сиңдиме чалсам, телефонду бажаң алды. Авария болгонуңду угаары менен шашып жолго чыгыптыр. Түндө машина таппай, жолдон чыгып калар деп жөө басып келатып, бутуна айнек киргизип алган экен. Шок болуп бут кийимин кийгенди унутуп калыптыр да. Канаганына карабай баса бергенинен жараты ырбап кетиптир.

- Айылдан шаарга чейин жөө келдиби?

- Ооба. Машина шаарга жеткенде чыгыптыр.

Келинчегимдин “кой, акыбалың жакшырганда барасың” дегенин укпай айылга жөнөдүм. Короосунда таяк менен басып жүрүптүр. “Сени өлүп калат деп корктум. Кичинекей балдарыңды ойлодум. Анын үстүнө каным туура келет экен, анан кантип үйдө жөн жатып алмак элем.” Бажамды кучактап, “сен эми менин бир тууганымсың” дедим.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт