// //

Мурунку аялыңыз же күйөөңүз балдарды көрсөтпөй жатса, бул нерсени кылыңыз

2022.08.01, 12:07
2647

Ажырашкандан кийин жубайлардын бири балдары менен бирге болууга, ал эми экинчиси - сот тарабынан аныкталган убакта балдарына барып турууга укук алат. Бирок көбүнчө жубайлардын бири балдарын көрүүгө тыюу салат. "Адилет" юридикалык клиникасынын юристи Тимур Султанов сайтына мындай кырдаалда эмне кылыш керектигин айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 71-беренесинин 1 бөлүгүндө: "Баласынан өзүнчө жашаган ата-эне бала менен баарлашууга, аны тарбиялоого жана багууга катышууга, баланы окутуу маселелерин чечүүгө укуктуу" деп жазылган.

Ушул эле беренеде бала менен жашаган ата-эне баланын экинчи ата-энеси менен баарлашуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай баарлашуу баланын физикалык жана психикалык саламаттыгына, анын моралдык жактан өсүп-өнүгүүсүнө зыян келтирбесе деп жазылган.

Айтылуу берененин 2-бөлүгүнө ылайык: Ата-эне баладан өзүнчө жашаган ата-эне менен ата-энелик укуктарды ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жазуу жүзүндө келишим түзүүгө укуктуу.

Эгерде ата-энелер макулдаша албаса, талаш-тартыш ата-энелердин (алардын биринин) арызы боюнча, баланын кызыкчылыгын эске алуу менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн катышуусу менен сот тарабынан чечилет.

Эгерде бала жашаган ата-эне баланын башка ата-энеси менен баарлашуусуна тоскоол болсо, анда ал ата-эне бала жашаган ата-энесинин жашаган жери боюнча сотко доо арыз менен кайрылат.

Эгерде жогорудагы аракеттер жардам бербесе, анда көйгөйдү чечүүнүн бир жолу - сотко кайрылуу. Бул үчүн юрист жалдоо керек.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Ажырашуудан кийин депрессияга кантип түшпөш керек? Сонун кеңештер

Эркектин бул 5 түрүнө күйөөгө тиерден мурун жакшылап ойлонуңуз

Сүйгөнү таштап кеткендер бул 6 кеңешти укса, жараты бат айыгат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт