// //

Ажырашуудан кийин депрессияга кантип түшпөш керек? Сонун кеңештер

2022.02.15, 11:15
4485

Салам достор! Психолог Тамара Воронцова ажырашуудан кийинки депрессия тууралуу кызыктуу маалыматтарды берди. Эгер сиз дагы жакында эле ажырашып, кайгырып турган болсоңуз, бул кеңештер пайдалуу болот.

- Мен өз тажрыйбама таянып, бир нерсени айта алам. Ажырашуудан кийин көбүнчө айымдар депрессияга катуу түшүп кетет. Бирок, депрессияны ар ким ар кандай түшүнөт. Адам жөн эле жатат, тамактанбайт, сүйлөшпөйт, жумушуна барбайт, эч нерсе кылалбайт. Мына ушул абалды медицинада чыныгы депрессия деп айтабыз. Бул жерде медициналык жардам керек. Психолог, психиатр, невропотолог, терапевт ж.б адистерге баргандан уялбагыла. Бир-эки ай дары ичип, дарыгердин айтканын кылып, өзүңөргө бат эле келип каласыңар.

- Ооба, ажырашуу абдан оор. Аябай кабатырланасың, анын үстүнө үмүттөрүң акталбай, пландардың баары бузулуп, кыялдар орундалбай калат. Мен мындай учурларда "демек ал сенин тагдырың эмес" деп гана айтам.

- Көбүнчө турмушка чыккандан күйөөсүнүн айтканы менен болуп, "курбуларыңды жогот" десе жоготуп, "жумушуңду ташта" десе таштап, "акчаңды бер" десе берип, өзүнүн баарын үй-бүлөсүнө арнап, каражатсыз калган айымдарга ажырашуу өтө оор болот. Ажырашкандан кийин жумуш таба албай, кайда барарын билбей кыйналышат. Бирок, коркпогула, чыгуу жолу бар. Болгону баарын башынан баштоо керек.

- Менин силерге кеңешим, өзүңөрдү сыйлагыла. Турмушка чыксаңар дагы жакын курбуларыңардан алыстабагыла, жумушуңарды таштабагыла, өзүңөрдө белгилүү бир каражат болсун. Ошондо өзүңдү ишенимдүү, эркин сезип жүрөсүң. Анын үстүнө достору бар, жумушу бар, белгилүү бир каражаты бар айымдар ажырашуудан кийин депрессияга азыраак чалдыгат.

- Эч бир айым ажырашуудан кийин жаман жолго түшүп кетпейт. Күйөөсү айткандай кайра тизелеп кечирим сурап келбейт. Алар иштеп, бутуна туруп, алдыга умтулушат. Себеби алар балдарынын астында жоопкерчиликтүү. Ажырашкандан кийин сулуу болуп, өзүнө кам көрүп, ачылып кеткен айымдар көп экенин дагы айта кетели. Анткени аларга эч ким тыюу салбайт. 

- Ажырашкандан кийин депрессиядан чыгуу оор болуп жатса, психологго барып кеңеш алгыла. Ооба, айрымдар бул абалдан чыгуу үчун жылдап убакыт керек деп айта бериши мүмкүн. Коркпогула, кээде бир жолу барып адис менен сүйлөшүп коюу эле жетиштүү болот.

- Ажырашсаңар кайгырбагыла. Демек, ошондой болушу керек болчу. Алдыга максат койгула, жыргап жашагыла. Өзүңөрдү сыйлап, баалагыла. Жашоо улана берет. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Эркектин бул 5 түрүнө күйөөгө тиерден мурун жакшылап ойлонуңуз

Сүйгөнү таштап кеткендер бул 6 кеңешти укса, жараты бат айыгат

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт