// //

Акчанын аркасынан чуркай берсең, күйүп кетесиң. Мурат Жумашовдон кеңеш

2022.07.18, 10:59
1134

Салам достор! IT адиси, дүйнөлүк компанияларда иштеген Мурат Жумашов түз эфирибизде конокто болуп, программист болгусу келген окурмандар суроолоруна жооп берди. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. 

- Колумдан эч нерсе келбейт, мен программист боло албайм деп көп айтышат. Программалоону бери кой, компьютерге байланыштуу бир нерсе жөнүндө дагы кыялданышпайт. Бирок, биздин чет өлкөлүк кыйын-кыйын адистерден эч кандай айырмабыз жок, бардык нерсе колубуздан келет. Мен айылда эле чоңоюп, мал менен аралашып жүргөм. Мына минтип программист боло алдым. 

- Азыр мүмкүнчүлүктөр толтура. Болгону дисциплина керек. Эгер дисциплинаны сактасаң, бүт тармакты өздөштүрсөң болот.

- Дароо жыйынтык күтпөңүз. Мисалы, спортзалга барганда дароо эле оор салмактагы штанганы көтөрө албайсыз. Бул тармакта деле отура калып эле код жазып кирбейсиз. Ошон үчүн аз-аздан онлайн акысыз курстарды карап, мээни жибитип, шашпай баштаңыз. Анан бир жылдай онлайн изилдеп туруп, кийин оффлайн курска жазылыңыз. Азыр дароо эле курска чоң акча берип жазылып, анан кызыгуусун жоготуп алгандар толтура. 

- IT тармагын тамга тааныган адамдын баары үйрөнө алат. 

- Бир тармактан экинчи тармакка өтүү кыйын болот. Албетте, менде дагы IT тармагына өтүп жатканда коркуулар болгон. Бирок, коркуулардын артында ийгилик жатарын унутпаш керек. 

- Мен 8 жылдан бери бул тармактамын. Бул аралыкта математикага муктаж болгон жокмун. Андыктан, программистерге сөзсүз математика керек деген коркуудан алыс болуңуз. Ооба, математика керек болгон багыттар дагы бар. Ошону менен катар кереги жок багыттар дагы бар. 

- Эртели-кеч баары бир тил үйрөнүшүң керек болот. Англис тилин билсең, айлыгың эки эсе көп болот. Ошондуктан, программалоо менен чогуу же ага чейин англис тили курсуна жазылгыла. Орус тилин билбесеңер ага убакыт коротпостон, англис тилин баштай бергиле. 

- Компаниялар курсту бүткөн адистерди алгысы келбейт. Ошондуктан, бир курсту бүтүп эле жумуш табам дегендер жаңылышат. Сен бир маселени чечкенди кыялданышың керек. Ал ар кандай нерсе болушу мүмкүн. Мисалы, Кыргызстанга  же өзүңдүн хоббиңе байланыштуу. Менин иним бир курска барып жатканда, Бишкектеги дааратканалардын картасын жасап чыкты. Ал бул долбоорун бир компанияга көрсөттү. Компания бул көйгөйдү чечкен, эмгектенген  адам экен деп, аны жумушка алышты. 

- Жумушка кирип жатканда силер мага эмне бересиңер эмес, мен силерге эмне бере алам деген позицияда болушуңар керек. 

- Бул тармакты акчасын карап тандасаң, анда сага ар дайым аз көрүнө берет. Ал акчанын аркасынан чуркап жүрүп, күйүп бүтөсүң. Жумушуңду сүйүшүңүз керек. Ийгиликтин сыры ушуда. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт