// //

Күйөөм эмнеге машинасынын алдына отургузбаганын билип оозум ачылды

2022.07.13, 17:57
952

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Менден уялып жатабы? Бирөөсү көрүп калабы? Машинасын аяп жатабы? Же...

Жумушума жеткирип койчу дегем. Үйдөн чыгып машинасынын алдына отурайын десем, “артка эле отурчу” деп калды. Эмнеге деп сураган деле жокмун. Ансыз деле маанайым жок болчу. Дем алыш күнү жумушка чакырып көңүлүмдү түшүрүп салышты. Артка отургандан кийин ойлондум.

Күн ысык. Бир чети ага ачууланып, бир чети күйөөмө таарынып бараттым. Жолдон токтоп шоро ичти. Мага көтөрө келиптир. Ичпейм деп койдум. Бирок суусап жаткам. Баш тартканыма өкүндүм.

Баш кошконубузга аз эле болду. Сүйүп баш кошкон күндө деле урушат экенсиң. Бирде таарынып, бирде сүйүнүп коюп жашап жүрөбүз. Ачуума тие баштаганда кайын энеме чалам десем унчукпай калат. Анткени кайын энем “келиниме бир нерсе болсо жүрөгүмдү оорутасың балам” деп, мага "бир нерсе болсо эле мага чал, ага көргүлүктү көрсөтөм" деген. Ал болсо менин апама чалам дейт. Апаман уруш жей турганымды билсем дагы, чала бер деп билмексен болуп коем. Бул арада ичимен чалбаса экен дейм. Күйөөм коркпойт экен деп ишенип чалбай коет.

- Баары жакшыбы? Эмнеге бултуңдап келатасың? Шоколад алып берейинби?

- Жок.

- Эмне болду? Байкабай туура эмес бир нерсе кылып алдымбы?

- Эмнеге машинаңдын алдына отургузган жоксуң? Бирөө көрүп калат дедиңби?

- Алтыным, боорду эзген таарынчагым. Күн тийбесин, башына күн өтүп кетпесин дедим. Карачы күндүн тийип жатканын. Анан башым ооруду деп жатып каласың. Мен араң чыдап келатам. Мээнет кылып боенгон косметикаң өчүп калбасын дедим, бултугум десе.

Күлүп жибердим. Фантазиям эле укмуш. Эмнеге аны ойлободум. 

Бул окуя мага бир нерсени үйрөттү. Убагында ачык сурап, ачык сүйлөшкөндү. Болбосо, ар нерсени ойлоп акыры урушка алып барат экенсиң. Бирөө сенин оюңду окуй албайт. Андыктан, ачык эле айтып коюш керек экен. Бул биздин алтынчы эрежебиз болду. Таарынычтарыбызды ачык айтып, убагында чечүү эрежеси. Берки бешөөнү айта албайм. Анткени, ар бир үй-бүлөнүн өз эрежеси болуш керек. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт