// //

Үч жылга алган насыясын бир жылда төлөп бүткөн Нурсултандын ийгилик сыры

2022.06.29, 13:21
2852

Күнөөскана бизнеси менен алектенген жаш ишкер Нурсултан Абдибаитов өзүнүн ийгилик сыры менен бөлүштү. 

Алгач бир күнөөсканага жумушка орноштум

Студент кезимде эле жер иштетүү жана бак өстүрүүгө кызыкчумун. Тагдыр экен, юридикалык факультетке тапшырып калдым. Окуумду бүткөндөн кийин, сүйүктүү жумушум менен кесибимди айкалыштырып, күнөөскана бизнеси тууралуу көбүрөөк билип, өзүмдүн ишимди баштагым келди. Пландарымды ишке ашыруу үчүн бир күнөөсканага жумушка орноштум, мындайча айтканда бул өнөрдү ичинен үйрөнүүнү чечтим.

Пайыздык чендери төмөн банк издедим

Жетиштүү тажрыйба топтогондон кийин, насыя алганы банк караштыра баштадым. Өзүмдүн кесибиме таянып, көптөгөн банктардын шарттарын изилдеп чыктым. Алардын ичинен “Айыл Банк” мага баарынын ылайыктуу жана ишенимдүү көрүндү. Пайыздык чендери төмөн, төлөп берүү мөөнөтүү узак, айтор бул банк мага окшогон жаш ишкерлер үчүн мыкты мүмкүнчүлүк экен.

Үч жылга алган насыяны бир жыл ичинде кутулдум

Алгачкы насыямды үч жылга алдым. Ал акчага аянты 5 соток болгон күнөөскана курдум. Биринчи түшүм менен бизнесим толук акталып, кредитти бир жыл ичинде төлөп бүтүрдүм. Биринчи ийгилигим мага өнүгүүгө дем күч берди, үй-бүлөм менен кеңешип, дагы насыя алууну чечтим. Азыркы учурда күнөөсканаларымдын жалпы аянты 20 соток, 10 адамды жумуш менен камсыз кылып келем.

Бул нерсенин баарына талыкпас эмгегим жана “Айыл Банктын” колдоосу менен жеттим. Бул банк менен иштөө мен үчүн абдан жагымдуу болду. Ар бир кардарга жасаган ийкемдүү мамилеси үчүн “Айыл Банкка” чоң рахмат айткым келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт